Жапонияда күчтүү жер титирөөдөн алты адам жабыркады

Жапониянын түндүк-чыгышындагы Хонсю аралында күчү 7,7 баллга жеткен жер титирөө катталып, кеминде алты адам жабыркады. Бул тууралуу өлкөнүн өзгөчө кырдаалдар боюнча министри Дзиро Акама билдирди. Анын айтымында, эки адам оор, төрт адам жеңил жаракат алган.

Жер титирөө Хонсю аралынын Санрику жээгинде катталган. Мындай күчтөгү силкинүүдө адамдардын кыймылдашы кыйын болуп, бекемделбеген курулуштар жабыркашы мүмкүн.

Жер титирөөдөн кийин айрым жээк аймактарында цунами коркунучу жарыяланды. Өлкөнүн премьер-министри Санаэ Такаити жээк аймактарындагы тургундарды дароо коопсуз жайларга эвакуацияланууга чакырды.

Өкмөт тарабынан кырсыктын кесепеттерин жоюу үчүн ыкчам штаб түзүлүп, абалды көзөмөлдөө иштери уланууда.

ПИКИР КАЛТЫРЫҢЫЗ

Сураныч, пикир жазыңыз!
Сураныч, бул жерге атыңызды киргизиңиз