Садыр Жапаров Сауд Арабиясынын элчисинин ишеним грамоталарын кабыл алды

Садыр Жапаров 21-апрелде Сауд Арабиясынын Кыргыз Республикасындагы Атайын жана Ыйгарым укуктуу Элчиси Ияд бин Гази Хакимди кабыл алып, анын ишеним грамоталарын алды. Мамлекет башчысы элчини дипломатиялык миссиясынын башталышы менен куттуктап, ийгиликтерди каалады.

Жолугушууда Президент Сауд Арабиясынын дүйнөлүк саясий жана экономикалык мейкиндеги, ошондой эле аймактык коопсуздукту камсыздоодогу маанилүү ролун белгиледи. Ал Сауд Арабия Кыргызстан үчүн боордош өлкө жана Жакынкы Чыгыштагы негизги өнөктөштөрдүн бири экенин баса белгиледи.

“Кыргызстан Сауд Арабиясы менен саясий, соода-экономикалык, инвестициялык жана маданий-гуманитардык кызматташууну өнүктүрүүгө өзгөчө көңүл бурат. Ошондой эле “Борбордук Азия – Булуңдагы араб мамлекеттеринин кызматташуу кеңеши” форматындагы ишмердүүлүк аймактар аралык кызматташтык үчүн маанилүү”, — деди Садыр Жапаров. Президент ошондой эле Сауд өнүктүрүү фонду аркылуу Кыргызстанда ишке ашырылып жаткан социалдык маанидеги долбоорлорго токтолду. Анын айтымында, турак жай, инфраструктура, саламаттык сактоо жана билим берүү тармактарындагы долбоорлор калктын жашоо сапатын жогорулатууга чоң салым кошууда.

Мамлекет башчысы Сауд Арабиясынын жетекчилигине жана элине Жакынкы Чыгыштагы кырдаалга байланыштуу тилектештигин билдирип, жарандык калкка коркунуч жараткан аракеттерди айыптай турганын белгиледи. Өз кезегинде элчи Ияд бин Гази Хаким жылуу кабыл алуу үчүн ыраазычылык билдирип, эки өлкө ортосундагы мамилелер жогорку деңгээлде экенин белгиледи. Ал жакынкы жылдары кызматташтык мындан ары да жаңы деңгээлге көтөрүлөрүнө ишеним билдирди.

Жолугушуунун соңунда тараптар тынчтыкты, туруктуулукту жана аймактар аралык диалогду өнүктүрүү багытында эки тараптуу жана көп тараптуу кызматташууну улантууга даяр экендиктерин билдиришти.

ПИКИР КАЛТЫРЫҢЫЗ

Сураныч, пикир жазыңыз!
Сураныч, бул жерге атыңызды киргизиңиз