Жалал-Абад электр тармактар ишканасынын Улуттук электр тармактары компаниясынын филиалы 2026-жылы 160тан 200гө чейин трансформаторду оңдоп-түзөөдөн өткөрүүнү пландоодо.
Энергетика министрлиги билдиргендей, учурда 45 даана жабдуу толук оңдолуп бүттү. Жыл аягына чейин дагы 115 трансформаторду калыбына келтирүү мерчемделүүдө.
Оңдоо цехине облус боюнча 12 райондук электр тармактарынан иштен чыккан же пайдалануу мөөнөтү бүткөн жабдуулар келип түшөт. Толук калыбына келтирилген соң, кубаттуулугу 25тен 1200 кВАга чейинки трансформаторлор кайра ошол эле аймактарга орнотулат.
Учурда:
- 20 трансформатордун оромдору жаңыртылды;
- 25 жабдуу капиталдык оңдоодон өткөрүлдү.
Адистердин айтымында, мындай иштер электр тармактарынын кубаттуулугун жогорулатып, жабдуулардын кызмат мөөнөтүн узартат жана керектөөчүлөр үчүн авариялык өчүрүүлөрдү азайтууга шарт түзөт.
