Билим берүү уюмдарынын жетекчилери жаңы тартип менен тандалат

Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети мектепке чейинки, жалпы, кесиптик башталгыч жана кошумча билим берүү уюмдарынын жетекчилерин кызматка дайындоо боюнча конкурстук тартипти бекитти. Тиешелүү токтомго Адылбек Касымалиев кол койду.

Документтин негизги максаты:

  • жетекчилерди тандоонун бирдиктүү жана ачык-айкын механизмин түзүү;
  • конкурстук процесстерге санариптик технологияларды киргизүү;
  • объективдүүлүктү камсыз кылуу;
  • башкаруучу кадрлардын туруктуу резервин калыптандыруу.

Жаңы жобого ылайык, мамлекеттик жана муниципалдык билим берүү уюмдарынын жетекчилери кызматка ачык конкурс аркылуу дайындалат. Бул тартип мектепке чейинки билим берүү мекемелерин, жалпы билим берүү мектептерин (башталгыч, негизги жана орто), кесиптик башталгыч жана кошумча билим берүү уюмдарын камтыйт.

Кабыл алынган чечим бош кызмат орундарын ыкчам толтурууга жана билим берүү системасында башкаруунун сапатын жогорулатууга багытталган.

Токтом расмий жарыяланган күндөн тартып 10 күндөн кийин күчүнө кирет.

ПИКИР КАЛТЫРЫҢЫЗ

Сураныч, пикир жазыңыз!
Сураныч, бул жерге атыңызды киргизиңиз