Башкы беткеРубрикаларАймактарОшто жардын кырында жашагандарга түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү

Ошто жардын кырында жашагандарга түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү

Кечээ, 25-февралда Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин Ош шаары боюнча башкармалыгы тарабынан Ош шаарынын Сулайман-Тоо жана Манас-Ата муниципалдык аймактык башкармалыктарына караштуу Ленин, Ош жана Бабараимов көчөлөрүндө жардын урап кетүү коркунучу бар 63 үйдүн ээсине атайын түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү. Бул тууралуу ӨКМден билдиришти.

2018-жылы аталган аймактарда жардын урап кетүү коркунучу аныкталып, жергиликтүү бийлик жашоочуларды коопсуз жайга көчүрүү боюнча сунуш кылган. Бирок тургундардын көчүүсү толук аткарылбай калган. Өкмөткө караштуу кызматкерлер тарабынан жүргүзүлгөн түшүндүрүү иштери учурунда жардын урап кетүү коркунучу күчөп жаткандыгы, өмүрү жана мүлкү үчүн коркунуч туулушу мүмкүн экени айтылды.

Гезит

Не «проели», а вложили

          За каждой из этих историй стоят годы тяжелого труда вдали от дома и высокая цена разлуки. Традиция требовала от...

Рубрикалар

ПИКИР КАЛТЫРЫҢЫЗ

Сураныч, пикир жазыңыз!
Сураныч, бул жерге атыңызды киргизиңиз

Байланыштуу жаңылыктар