Өзбекстанда согуш ардагерлерине 30 млн сумдан жардам берилет

Өзбекстанда 9-май Эскерүү жана урматтоо күнүнө карата Экинчи дүйнөлүк согуштун ардагерлерине жана майыптарына 30 млн сум (болжол менен 2,5 миң доллар) өлчөмүндө бир жолку төлөм берилет.

Бул тууралуу өлкө президенти Шавкат Мирзиёев 9-майга даярдык көрүү боюнча жыйында билдирди. Мамлекет башчысынын айтымында, майрам күнү согуштун катышуучуларына, эмгек фронтунун ардагерлерине жана улуу муун өкүлдөрүнө өзгөчө көңүл бурулат. Жалгыз жашаган жана аз камсыз болгон ардагерлердин үйлөрү оңдолуп, аймактарда салтанаттуу жана эскерүү иш-чаралары өткөрүлөт.

Ошондой эле эгемендик жылдарында кызмат учурунда каза болгон жарандардын үй-бүлөлөрүнө да материалдык жана моралдык колдоо көрсөтүлөт. 9-майга карата өлкө боюнча “Милдет, эрдик, кайраттуулук!” урааны алдында патриоттук жана маданий иш-чаралар уюштурулат. Алардын алкагында муундардын жолугушуулары, чыгармачылык кечелер, сынактар жана спорттук мелдештер өткөрүлөт.

Маалыматка ылайык, Өзбекстанда согуш ардагерлерине кам көрүү мамлекеттик саясаттын маанилүү багыттарынын бири болуп саналат.

Белгилей кетсек, 2025-жылы согуштун аяктаганына 80 жыл толгондо ардагерлерге 10 миң доллардан төлөнгөн. Ал эми 2025-жылдын 1-майына карата өлкөдө 82 согуш ардагери жашап жаткан.

ПИКИР КАЛТЫРЫҢЫЗ

Сураныч, пикир жазыңыз!
Сураныч, бул жерге атыңызды киргизиңиз