1-класстар үчүн «Алиппе» окуу китеби басылды

Кыргыз Республикасынын Агартуу министрлиги жана ага караштуу Окуу китеби мамлекеттик мекемесинин өкүлдөрү 1-класстар үчүн даярдалган «Алиппе» окуу китептерин кабыл алышты.

Окуу китептери Учкун ачык акционердик коомунун басмаканасында басылып чыгып, кыргыз тилинде билим берүү жүргүзүлгөн класстар үчүн арналган.

Жалпысынан 90 миң 380 нуска «Алиппе» китеби чыгарылып, өлкөнүн бардык аймактарындагы мектептерге жеткирилет. Министрликтин маалыматына ылайык, бул окуу китептери башталгыч класстардын окуучуларынын сапаттуу билим алуусун камсыздоого багытталган.

ПИКИР КАЛТЫРЫҢЫЗ

Сураныч, пикир жазыңыз!
Сураныч, бул жерге атыңызды киргизиңиз