Кыргызстанда чек ара аймактарына кирүү тартиби жөнөкөйлөтүлдү

Кыргызстанда чек ара аймактарына жана тилкелерине жарандарды өткөрүү тартиби жөнөкөйлөтүлдү. Тиешелүү чечим Министрлер Кабинети тарабынан кабыл алынды.

Жаңы өзгөртүүлөргө ылайык, эми фермерлерге жана мал чарбачылыгы менен алектенген жарандарга уруксат кагаздарын улам-улам жаңыртып туруунун зарылдыгы жок. Алар атайын тизмеге киргизилсе, бул тизме 12 ай бою күчүндө болот.

Мурда чек ара аймактарында мал жаюу же талаа иштерин жүргүзүү үчүн жарандар мамлекеттик органдарга тез-тез кайрылууга мажбур болуп, бул айыл чарба иштерине тоскоолдук жараткан.

Эми жаңы эрежелерге ылайык, режимдүү аймакка кирүү үчүн жаранга паспорт жана атайын тизмеде болушу жетиштүү.

Бул тизмелерди жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары — айыл өкмөттөр түзүп, андан соң Кыргызстандын Чек ара кызматы менен алдын ала макулдашат. Тизмелердин жарактуу мөөнөтү 1 календардык жылды түзөт.

Кабыл алынган чечим чек ара аймактарында жашаган жарандар үчүн административдик тоскоолдуктарды азайтып, айыл чарба иштерин жүргүзүүнү жеңилдетүүгө багытталган.

ПИКИР КАЛТЫРЫҢЫЗ

Сураныч, пикир жазыңыз!
Сураныч, бул жерге атыңызды киргизиңиз