Башкы беткеРубрикаларАймактарПрезиденттин катышуусунда Кара-Кулжада жаңы борбор ачылды

Президенттин катышуусунда Кара-Кулжада жаңы борбор ачылды

Садыр Жапаров 14-апрелде Ош облусуна болгон иш сапарынын алкагында Кара-Кулжа айылындагы Калкты тейлөө боюнча маданий борбордун ачылышына катышты.

Жаңы борбор мамлекеттик кызматтарды бир жерден көрсөтүүгө жана социалдык объекттерди бириктирүүгө багытталган.

Президент үч кабаттуу имаратты көрүп чыгып, калкты тейлөө бөлүмдөрү, кинотеатр, машыгуу залы, банк бөлүмдөрү, конференц-зал жана башка жайлар менен таанышты.

Курулуш министри Нурдан Орунтаев маалымдагандай, объект жайгашкан жер тилкесинин аянты 0,45 гектарды түзөт.

Иш-чаранын соңунда президент жергиликтүү тургундар менен жолугуп, мындай борборлор өлкөнүн башка райондорунда да ачыларын билдирди.

Гезит

Не «проели», а вложили

          За каждой из этих историй стоят годы тяжелого труда вдали от дома и высокая цена разлуки. Традиция требовала от...

Рубрикалар

ПИКИР КАЛТЫРЫҢЫЗ

Сураныч, пикир жазыңыз!
Сураныч, бул жерге атыңызды киргизиңиз

Байланыштуу жаңылыктар