Быйыл 13 чакан гидроэлектростанция ишке киргизилет

Кыргызстанда 2026-жылы жалпы кубаттуулугу 81,03 МВт болгон 13 чакан гидроэлектростанцияны (ГЭС) пайдаланууга берүү пландалууда. Бул тууралуу Энергетика министрлиги маалымдады.

Маалыматка ылайык, президент Садыр Жапаров энергетика тармагын өнүктүрүү, электр энергиясын өндүрүүнү көбөйтүү жана альтернативдүү энергия булактарын жайылтуу боюнча тиешелүү тапшырмаларды берген.

Учурда энергетика министри Таалайбек Ибраев жетектеген реформалардын алкагында жаңы долбоорлор активдүү ишке ашырылууда. Бул аракеттер калкты үзгүлтүксүз электр энергиясы менен камсыз кылууга жана керектөөнүн өсүшүнө байланыштуу жаралган энергия тартыштыгын азайтууга багытталган.

Жаңы курула турган чакан ГЭСтер жылына болжол менен 348,3 млн кВт/саат электр энергиясын өндүрөт.

Облустар боюнча ГЭСтер:

•Чүй облусу: Кең-Төр-1 (0,63 МВт), Сокулук-3 (9,5 МВт), Туюк (5,9 МВт), Кичи-Кемин (7,1 МВт)

•Ысык-Көл облусу: Орто-Токой (21 МВт), Түп (9 МВт)

•Жалал-Абад облусу: Сары-Таш (4,6 МВт), Кайнама-2 (4,8 МВт)

•Талас облусу: Урмарал (1,6 МВт)

•Ош облусу: Көңдүк (5,3 МВт), Алай Гидро (4,4 МВт)

•Баткен облусу: Лейлек (6 МВт)

•Нарын облусу: Куртка (1,2 МВт)

Мындан тышкары, 2026–2030-жылдар аралыгында жалпы кубаттуулугу 421,26 МВт болгон дагы 48 чакан ГЭСти ишке киргизүү пландалууда.

Белгилей кетсек, 2021–2025-жылдары өлкөдө 27 чакан ГЭС пайдаланууга берилип, алардын жалпы кубаттуулугу 109,8 МВтты түзгөн. Алар жылына 427 млн кВт/саат электр энергиясын өндүрүүдө.

ПИКИР КАЛТЫРЫҢЫЗ

Сураныч, пикир жазыңыз!
Сураныч, бул жерге атыңызды киргизиңиз