Жогорку Кеңеште депутат Эрулан Көкүлов эл өкүлдөрүнүн кадыр-баркы түшүп кеткенин айтып, президент Садыр Жапаров менен маселени көтөрдү. Көкүлов айрым министрлер депутаттарды кабыл алууда туура эмес мамиле жасап, күттүрүп коюп жатышканын белгиледи. Ал депутаттар министрлерге жеке маселелери үчүн эмес, элдин көйгөйлөрү менен барарын кошумчалады.
Мамлекет башчысы жооп иретинде, депутаттык кадыр-барк биринчи кезекте эл өкүлдөрүнүн жүрүм-туруму жана көтөргөн маселелеринин деңгээлинен көз каранды экенин айтты. Садыр Жапаров белгилегендей, “Депутаттын кадырынын түшүшү министрлерден же менден эмес, өзүңүздөрдөн көз каранды. Эгерде сиздер майда-чүйдө маселелерди көтөрүп, эл алдында уят болуп жатсаңыздар, анда эл сиздерди кантип сыйлайт? Кадыр-баркты ишиңиздер жана деңгээлиңиздер менен көтөрүшүңүздөр керек”.
Ошондой эле президент министрлерге депутаттарды кезексиз кабыл алууга чакырды, бирок шарт койду: “Эгер депутат жеке өзүнүн маселеси менен барса, анда дароо чыгарып салгыла”, — деп кесе айтты Садыр Жапаров.

