Президент Садыр Жапаров Жогорку Кеңештин жыйынында сүйлөп, жакынкы 10-15 жылда Кыргызстанды экономикасынын кирешеси боюнча 30 өнүккөн өлкөнүн катарына кошуу планы коюлганын билдирди. Ал бардык мамлекеттик кызматкерлерди жана депутаттарды жеке кызыкчылык үчүн эмес, мамлекет үчүн гана ынтымакта иштөөгө чакырды.
Президенттин айтымында, мамлекеттин келечеги үчүн берилген убада жана анттар аткарылышы керек. Ал белгилегендей, “Сиздер, мен дагы элге убада берип, шайланып келгенбиз. Таза иштейбиз, мамлекет үчүн иштейбиз, келечекти түзүп кетебиз, коррупцияны жок кылабыз дегенбиз. Ошол үчүн берген антыбызды жана убадаларыбызды аткарышыбыз керек”.
Садыр Жапаров ошондой эле, дүйнө тынч эмес шартта туруп жатканын эске салды жана бардык мамлекеттик органдар ынтымакта, мамлекеттин кызыкчылыгын алдыңкы орунга коюп иштеши зарылдыгын баса белгиледи.

