Атам атадан жалгыз. Апам да атадан жалгыз болгон. Экөөнүн өткөн тагдыры окшош. Биз бала кезде, алар өткөн күндөрүн айтып беришээр эле. Не бир азап менен жетимдиктин күнүн көрүп чоңоюшкан. Оо, ал кезде адамдар чыдамкай, сабырдуу, адамгерчиликтүү, ыймандуу, улутка бекем, нарктуу, салттуу болгон экен. Кудайга шүгүр, 8 баланы тарбиялап өстүрүштү. Бирок, бири кем дүнүйө ай, бүгүн арабызда жок…
Биз бала кезде атам ар дайым айтаар эле, “бириң атам, бириң агам, бириң иним, бириң балам, бириң энем, бириң эжем, бириң карындашымсың”- деп. Анда анча маани бербепмин. Көрсө, атам жетимдиктин, жалгыздыктын күнүн көрүп, туугандын баркын билип зарлаганы, бизди эш тутуп, бизди биримдиктүү болгула деп насаат айтканы тура. Апам дайыма, “балам, тигинин баласына жардам берип кой, буга каралаш”, – дей берчү…
Анан мага бир күнү ушундай ой келди. Булар мени ойлошпойт окшойт. Шаарда мен жыргап жашап жаткансып – дедим ичимден чыртыя. Баламын да, ар убак айылга барганда, айланып, садага кетип, берерге ашын таппай бөйпөлөктөп турганын кайдан сезесиң. Өзүң чоңоюп алгансып дердейесин го. Бир ирет айылга барып калдым. Атам, апам экөө намаз окуп атышкан. Анан экөө тең жарыша Кудайдан менин өмүрүмдү тилеп, жалынып жатышат. Кулагым чалаар замат жан дүйнөмдү бир башкача сезим ээледи. Көрсө, булар менин өмүрүмдү күнүгө Кудайдан тилейт тура. Сыртка чыктым да, өзүмдү жемелеп, буркан-шаркан болуп ыйлап алгам…
Эми мен балдарымдын өмүрүн тилеп отурам. “Балам, балалуу болгондо билерсиң”, – деген кыргыздын сөзүнүн төркүнүн чын эле балалуу болгондо билесиң. Балдарыма бир кыпындай кирим жок, алардын өмүрүн тилеп отурган мен, атам менен апамдын алдынан кыя өтпөй, алардын аманчылыгын тилеп келдим. Эми алардын бейишин тилеп жүрөм… Ата-эне кандай гана ыйык ээ.