ИДПнын 10-11% деңгээлинде туруктуу өсүүсү бизге маданият жана искусство чөйрөсүн колдоого мүмкүнчүлүк берет. Бул тууралуу Министрлер Кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев III Бишкек эл аралык кинофестивалынын ачылыш аземинде билдирди.
Иш-чара Токтогул Сатылганов атындагы Кыргыз улуттук филармонияда өттү.
Өкмөт башчы Бишкек эл аралык кинофестивалы Борбор Азиядагы кинематографияны өнүктүрүү үчүн жакшы аянтча экенин белгиледи.
«Фестивалга дүйнөнүн көптөгөн өлкөлөрүнөн режиссёрлор, жазуучулар, продюсерлор, актёрлор, киносынчылар жана эксперттер чогулду. Бул жөн эле кинонун майрамы эмес, профессионалдык өсүүгө, чыгармачылык диалогду чыңдоого жана эл аралык кызматташууга мүмкүнчүлүк. Фестивалдын баш байгеси «Ак Илбирс», «Жаабарс» статуэткасы. 2023-жылы ак илбирс расмий түрдө Кыргызстандын улуттук символу катары таанылган. Ак илбирс Манас эпосубуздагы негизги жаныбары, илбирс адам менен жаратылыштын ажырагыс байланышынын символу. Бүгүнкү күндө Кыргызстан экономикалык “ак илбирстин секиригин” жасап жатат. ИДПнын 10-11% деңгээлинде туруктуу өсүүсү бизге маданият жана искусство чөйрөсүн колдоого мүмкүнчүлүк берет. Үч жыл мурун кинематографияны мамлекеттик каржылоо 80 миллион сом болсо, быйыл 951 миллион сомду түздү”, — деди ал.
Адылбек Касымалиев 20-кылымдын 60-70-жылдары кыргыз киносу чыныгы гүлдөгөн учурду башынан кечиргенин – дал ошондо “Кыргыз керемети” деп аталган феномен жаралганын улантты. Ал алтын доордо жаралган фильмдер кыргыз искусствосунун алтын фондусун толуктап, чыныгы шедеврлер жана кинобуздун сыймыгы болуп калды.
«Кыргыз киносу элдин руханий турмушунда ар дайым маанилүү роль ойноп келген. Сиздер бүгүнкү күндө бул миссияны татыктуу улантып, жаңы бийиктиктерди багындырып келесиздер. Кино тармагындагы мыкты идеяга жана демилгеге мамлекет тарабынан колдоо көрсөтүлөт», — деди Адылбек Касымалиев.
Тактап кетсек, III Бишкек эл аралык кинофестивалы 15-июнга чейин уланат.