whatsapp: +996 550 240 914
call-squared
тел: +996 508 070 720
new-post
tuusu@mail.ru
marker--v1
Дарек: Бишкек шаары, Т.Абдумомунов көчөсү, 193
09.07.2025
23.1 C
Бишкек
Башкы беткеСаясат жана коомКоомСадыр Жапаров эртең расмий сапары менен Малайзияга барат

Садыр Жапаров эртең расмий сапары менен Малайзияга барат

Президент Садыр Жапаров 24-25-июнь күндөрү Малайзиянын премьер-министри Анвар Ибрагимдин чакыруусу боюнча расмий сапары менен Куала-Лумпур шаарында болот. Бул тууралуу Президенттин Администрациясынын тышкы саясат бөлүм башчысы билдирди.

«Жогорку деңгээлдеги сүйлөшүүлөрдүн жүрүшүндө Кыргыз Республикасы менен Малайзиянын ортосундагы саясий, соода-экономикалык, маданий-гуманитардык жана эки тарапты кызыктырган башка чөйрөлөрдө кызматташуунун актуалдуу маселелери жана мындан аркы өнүгүү келечеги талкууланат.

Расмий сапардын алкагында КР Президентинин Малайзиянын мыйзам чыгаруу бийлигинин жетекчилиги менен жолугушуусу, ошондой эле бизнес-коомчулук менен диалог өткөрүүсү да пландаштырылган.

Бул сапар Кыргыз Республикасынын Мамлекет башчысынын акыркы 30 жылдагы Малайзияга жасаган биринчи расмий иш сапары болуп саналат», — деп белгиледи Сагынбек Абдумуталип.

Гезит

Рубрикалар

ПИКИР КАЛТЫРЫҢЫЗ

Сураныч, пикир жазыңыз!
Сураныч, бул жерге атыңызды киргизиңиз

Байланыштуу жаңылыктар