Башкы беткеРубрикаларДен соолукЫсык абадан кантип сактанабыз?

Ысык абадан кантип сактанабыз?

Борбор Азиянын мегаполистери, анын ичинде Өзбекстандын, Казакстандын, Кыргызстандын жана Түркмөнстандын борбор шаарлары аномалдык ысыктан улам көбөйүп жаткан өлүм коркунучуна кабылууда. Дүйнөлүк банк менен Табигый кырсыктарды азайтуу жана калыбына келтирүү боюнча глобалдык фонддун жаңы отчетунда Ташкент, Астана жана Бишкек шаарларында жылына ар бир 100 миң адамдын 19-21и ысыктан улам көз жума турганы айтылат. Ашхабад үчүн бул көрсөткүч андан да жогору 25-28 учурду түзөт. Бүткүл дүйнөлүк банктын айтымында, азыртадан ысыктын кесепеттерин азайтуу үчүн кадамдарды жасоо керек. Албетте, мындай ысыкта ар бир адам өзүнө көңүл буруусу керек. Биз терапевт Айнура Курбанова менен кондиционердин пайда зыяны, кан басымы жогорулаган адамды үй шартында дарылоо боюнча чакан маектештик.

–  Күн ысыгында муздак суусундуктарды көп ичебиз. Ысыкта өтө муздак суу ичүү туурабы?

– Күн ысыганда адам организми көп суу талап кыла баштайт. Анткени, адамдан бөлүнүп чыккан тер нормадан көп сууну сыртка чыгарат. Жаз мезгилинде сууну туура ичишибиз керек, муздак суу-ну ичүү туура эмес, комнатанын температурасында турган сууну ичүү сунушталат. Муздак суу ичкенде тамак ооруп калышы ыктымал, ашказанга, ичегилерге зыяны тийип калуусу мүмкүн. Анткени муздак сууну ашказан өзү жылытып, андан кийин ичегиге түшүрөт. Бул ашказандын иштөөсүнүн бузулушуна алып келет.

– Медицинадагы норма боюнча адам бир суткада канча литр суу ичиши керек?

– Ар бир адамдын салмагына жараша норма аныкталат. Мисалы, адамдын салмагы 70 кг болсо, ага бир суткада 2 литр суу ичүү норма болуп эсептелет. Эркектер үчүн 2,5-3 литр, аялдар үчүн 2,-2,5 литр болот. Туура биз күнүнө анча суу ичпейбиз деп ойлойбуз, бирок, тамак-аш менен ичилген суюктуктар дагы ошонун эсебине кирет. Жогоруда айткандай эле сууну жылуу калыбында аз-аздан тез-тез ичүү зарыл.

– Күндүн катуу ысыгынан сактануу үчүн кондиционер иштетебиз. Ал тургай кечинде дагы кондиционерди иштетип коюп жатабыз. Бул ден соолукка кандай зыян тийгизиши мүмкүн?

– Негизи кондиционердин пайда жагы менен зыяны дагы бар. Пайдасы жүрөк, кан-тамыр, кан басымынын жогорулоосунун алдын алат. Бөлмөнү кескин муздатып сала турган болсок, организм стресс-ке кабылышы ыктымал. Иммунитетти түшүрүп, дем алуу органдарына чоң зыян келтириши мүмкүн. Себеби, бөлмөдөгү нымдуулук азаят. Кондиционер тазаланбаган болсо, анын ичи көгөрүп, адамда тери ооруларын пайда кылат. Көзгө зыян алып келет, андан сырткары булчуң оорулары пайда болот. Кондиционерди 22-25 градуста кармаса адамга зыяны тийбейт.

– Ысыктан улам кан басымы көтөрүлүп, өзүн жаман сезген адамдар үй шартында кантип өзүнө кам көрсө болот?

– Кан басымы көтөрүлгөн адамдын башы айланып, кулагы чуулдап өзүн жаман сезет. Эгерде, адам өзүнөн ушуларды байкаса дароо дарыгерге кайрылышы зарыл. Же болбосо, мурда ичип жүргөн дарыларды дайыма өз убагында ичиши керек. Ал эми дарыгерге барганга чейин газдалбаган суу ичип, жүзүн муздак суу менен жууш керек. Денесин кысып турган кийимдерин чечип, салкын жерге жатуу кажет. Ал эми жарандын кан басымы 180/110 болуп кете турган болсо, токтоосуз тез жардам чакыруу зарыл.

– Кандай кийим кийүүнү сунуштайсыз?

– Кийим тандоодо абаны жакшы өткөрүүчү табигый кездемелерден тигилген кенен кийимдерге көңүл буруу керек. Синтетикалык кездемелерден тигилген кийимдер териге абанын жетүүсүн камсыз кылбайт, бул ысып кетүүгө алып келиши мүмкүн. Тери күйүп калбашы үчүн өтө ачык кийим кийбеңиз жана күндөн коргоочу кремдерди колдонуңуз. Баш кийим кийип жүрүүнү адатка айлантыңыз.

– Дүйнөдө анын ичинде Кыргызстанда деле кан басымы дароо көтөрүлүп кетип каза болгондор көп. Кан басымы жогору адамдарга кандай кеңеш бересиз?

– Кыргызстанда жогорку кан басымы менен жүргөн адамдар көп. Алар мындай аномалдуу ысыкта көчөгө чыкпоого аракет кылышы керек. Эрте менен жана кечинде кан басымын текшерип туруу, тез-тезден суу ичүү сунушталат. Аларга күчтүү жана туздуу тамактарды жегенге болбойт. Жеңил тамактанып, жашылча жемиштерди көбүрөөк колдонуу кажет. Кан басымы жогору адамдар 22-25 градустагы бөлмөдө уктаса кыйналбайт. Гипертония менен ооруган адамдарга тартип, көзөмөл жана сергектик керек.

Султанбек АМАНБЕК уулу
“Кыргыз Туусу”

Гезит

Кумтөр – өлкөнүн экономикалык эгемендүүлүгүнүн символу

  «Кумтөрдүн өлкөнүн толук менчигине кайтарылышы менен Кыргызстанда саясий коррупцияны жоюу башталды». Садыр Жапаров               Кумтөр кени 2021-жылдан тартып өлкөнүн...

Рубрикалар

ПИКИР КАЛТЫРЫҢЫЗ

Сураныч, пикир жазыңыз!
Сураныч, бул жерге атыңызды киргизиңиз

Байланыштуу жаңылыктар