whatsapp: +996 501860089
call-squared
тел: +996 508 070 720
new-post
tuusu@mail.ru
marker--v1
Дарек: Бишкек шаары, Т.Абдумомунов көчөсү, 193
10.11.2025
3.1 C
Бишкек
Башкы беткеРубрикаларДен соолукКара зиренин пайдасы көп

Кара зиренин пайдасы көп

Кара зире – байыркы доорлордон бери «өлүмдөн башка бардык ооруга  даба» дары катары колдонулуп келет. Зиренин данында адамдын организми үчүн маанилүү болгон 100дөн ашык табигый активдүү заттар бар.

Иммунитетти бекемдейт

Кара зире организмдин табигый коргонуу системасын күчөтүп, суук тийүү жана инфекцияларга туруштук берет.

Кан басымды жана холестеринди төмөндөтөт

Изилдөөлөр көрсөткөндөй, кара зиренин майы кан айланууну жакшыртып, кан басымды жөнгө салат жана холестеринди азайтат.

Ашказан, боорго пайдалуу

Кара зире ашказандагы ашыкча кычкылдуулукту азайтып, табитти жакшыртат жана боор клеткаларын тазалоого жардам берет.

Кандагы кантты тең салмактайт

Диабет менен жабыркаган адамдар үчүн пайдалуу — кара зире инсулиндин деңгээлин турукташтырууга жардам берет.

Териге, чачка пайдалуу

Кара зиренин майы теридеги сезгенүүнү азайтып, безеткинин алдын алат. Ошондой эле чачтын түшүүсүн токтотуп, жаңы өсүшүн стимулдайт.

Антиоксидант жана сезгенүүгө каршы

Анын курамындагы тимоквинон деген зат клеткаларды эркин радикалдардын зыяндуу таасиринен коргойт.

Дем алуу жолдорун тазалайт

Кара зире жөтөлгө, астмага, мурун бүтүүгө жана аллергияга каршы табигый жардамчы болуп эсептелет.

Колдонуу жолдору

  • Күнүнө – чай кашык зире майын ач карын ичсе болот (жылуу суу же бал менен).
  • Же болбосо зире данын чайга же тамакка кошуп колдонсо да пайдалуу.
  • Бал менен аралаштырып жегенде иммунитетти күчөтүүдө өзгөчө натыйжалуу.

Эскертүү:

  • Кош бойлуу аялдарга жана 5 жашка чейинки балдарга этияттык менен колдонуу сунушталат.
  • Кандайдыр бир өнөкөт ооруңуз болсо, дарыгер менен кеңешүү зарыл.

Гезит

Диана Талгарбек кызы: “Бүгүнкү кыргыз жаштары аракетчил, жаңы идеяларга бай, тил үйрөнүүгө шыктуу жана күчтүү”

Өткөн жумада Президент Садыр Жапаров өлкө ЖОЖдорунун 92 мыкты студентине президенттик стипендия тапшырды. К.И.Скрябин атындагы Кыргыз улуттук агрардык университетинде, инженердик техникалык факультетинин агроинженериядагы экономика...

Рубрикалар

ПИКИР КАЛТЫРЫҢЫЗ

Сураныч, пикир жазыңыз!
Сураныч, бул жерге атыңызды киргизиңиз

Байланыштуу жаңылыктар