Адистердин айтымында, узак жашоонун төмөндөшүнө экономикалык оор шарт, сапаттуу медициналык тейлөөнүн жетишсиздиги, туура эмес тамактануу, стресс жана экологиялык көйгөйлөр таасирин тийгизет. Айрыкча, жүрөк-кан тамыр оорулары, диабет жана рак оорулары эң көп катталган себептер бойдон калууда. Ошондой эле кыймылсыз жашоо образы, тамеки тартуу жана ичимдиктин да кесепети тийбей койбойт.
Саламаттыкты сактоо министрлиги калктын саламаттыгын чыңдоо үчүн алдын алуу программаларын, туура тамактануу жана дене тарбия маданиятын жайылтуу иштерин күчөтүүнү айтып келет.
Дүйнөдөгү “көк зоналар”
Дүйнөдө кээ бир аймактар бар – ал жерлерде адамдар 90 жашты артта калтырып эле тим болбостон, жүзгө чыгып да сергек, шайдоот жана жарык маанайда жашашат. Ушундай жерлерди окумуштуулар “Blue Zones” – башкача айтканда “Көк зоналар” деп аташат. Ал аймактарга Япониянын Окинава аралы, Италиянын Сардиниясы, Греция-нын Икария аралы, Коста-Риканын Никоя жарым аралы жана АКШнын Калифорния штатындагы Лома-Линда шаары кирет.
Эмне үчүн бул жерлердеги адамдар узак жашайт? Алардын жашоо образын изилдеген окумуштуулар бир нече жалпы өзгөчөлүктү аныкташкан.
Табигый жана жай турмуштун таасири
Бул аймактарда жашагандар жаратылышка жакын жашашат. Алардын күн тартибинде ашыкча шашылыш, стресстик кырдаалдар аз. Эмгектенүү менен эс алууну тең салмакта алып жүрүшөт. Көпчүлүгү күн сайын жөө басат, талаада иштеп эмгектенет, бак-дарак отургузуп, багбанчылык менен алектенишет.
Жапониянын Окинава аралында мындай принципти “икигай” деп аташат — бул ар бир адамдын жашоодогу максаты. Бул түшүнүк адамды узак жашоого шыктандырат. Негизи эле Жапония — дүйнөдөгү эң узак жашаган жарандардын өлкөсү десек болот. Бул өлкөдө ар бир бешинчи адам 65 жаштан ашкан, ал эми жүз жаштагылардын (цэнтэнарлар) саны боюнча Япония дүйнөдө биринчи орунда.
Өзгөчө Окинава аралы “узак жашоонун мекени” катары белгилүү. Бул жерде жашаган элдин орточо жашы 85–90 жашты түзөт, айрымдары 100 жаштан ашса да сергек, шай жана өз алдынча жашай алышат.
Эмне үчүн окинавалыктар ушунчалык узак жана сапаттуу өмүр сүрүшөт? Изилдөөлөр бул феномендин сырын алардын жашоо образында, руханий дүйнөсүндө жана коомдук мамилесинде экенин көрсөтүп келет.
Окинавалыктардын дасторкону
Ал өтө жөнөкөй, бирок пайдалуу. Алардын күнүмдүк ра-циону өсүмдүккө негизделген – жашылча-жемиш, деңиз азыктары, соя, тофу, жашыл чай жана эң белгилүүсү – батат же таттуу картошка болуп эсептелинет. Мал эти, майлуу тамак, таттуу жана кайра иштетилген азыктар өтө сейрек колдонулат.
Жергиликтүүлөр “Хара хачи бу” деген эрежени карманышат — бул “карын 80% толгондо токто” деген философия. Башкача айтканда, алар өзүңдү толук тойгузбай, аз-аздан, бирок көп жолу жешет. Мындай тамактануу жүрөк-кан тамыр ооруларын, диабетти жана семирүүнү дээрлик жоготот.
Окинавалыктар шашпай, жай жана тынч жашоону жакшы көрүшөт. Алар үчүн мезгил менен жарышуу маанилүү эмес — маанилүү нерсе учурдагы тынчтык жана гармония. Күн сайын алар бак-даракка кам көрүшөт, чогулуп чай ичишет, кошуналар менен сүйлөшүшөт, көңүлдүү маанайда убакыт өткөрүшөт.
Изилдөөлөр көрсөткөндөй, стресс — эрте карылыктын башкы себеби. Ал эми окинавалыктар стрессти азайтуу үчүн “Нанкуру найса” (“баары жакшы болот”) деген элдик түшүнүктү колдонушат. Бул ой жүгүртүү аларга кыйынчылыктарды жеңил кабыл алууга жардам берет.
Окинавада “моай” деген да түшүнүк бар — бул достордун же кошуналардын чакан тобу, алар бири-бирин өмүр бою колдоп турушат. Моай мүчөлөрү бирге чогулуп тамактанат, сүйлөшөт, майрамдашат, кимдир бирөөнүн иши же ден
соолугу начарласа, чогуу жардам беришет. Бул коомдук байланыштар жалгыздыкты жоготуп, психологиялык ден соолукту сактоого чоң салым кошот. Изилдөөлөр көрсөткөндөй, күчтүү со-циалдык байланыш адам өмүрүн орто эсеп менен 7–10 жылга узартат.
Окинавалыктардын жашоосундагы эң терең философия — бул “Икигай”. Бул сөз “жашоонун себеби” же “өмүргө түрткү берген максат” дегенди билдирет. Ар бир адам эртең менен эмнеге ойгонорун, эмнеге жашарын, эмне үчүн өзүн пайдалуу сезерин билет. Кимдир бирөө небересинин чоңоюшун каалайт, кимдир бирөө бакчасын көрккө бөлөп, коңшуларын кубандырат, дагы бири чеберчилик менен кол өнөрчүлүк жасайт. Икигай — адамдын руханий тең салмагын сактап, өмүрдү кызыктуу жана маанилүү кылчу адат десек болот.
Окинавалыктар спорт залга барбайт, бирок күндөлүк кыймылдын негизинде жашашат – бак отургузат, үй жыйнайт, базарга жөө барат.
Мындан тышкары алар тай-чи жана йогага окшош жеңил дене көнүгүүлөрдү жасашат. Бул кан айланууну жакшыртып, дененин ийкемдүүлүгүн жана тең салмагын сактайт. Ошондой эле алар эртең менен эрте турушуп, кечинде эрте уктайт – уйку режими да узак жашоого чоң таасир этерин жакшы билишет.
Жөнөкөй, бирок пайдалуу тамактануу
Көк зоналардагы” элдердин дас-торкону этке эмес, өсүмдүккө бай. Алардын рационунун негизин жашылча-жемиш, дан азыктары, буурчак, жаңгак, балык сыяктуу азыктар түзөт. Албетте, Кыргызстанда өсүп жаткан табигый, даамдуу жана абдан пайдалуу мөмө-жемиштер ден соолукту бекемдеп, өмүрдү узартуучу азыктар. Бирок биз майлуу, куурулган эт, камыр тамактарына көбүрөөк көңүл бурабыз. Андыктан ички органдарда ар түрдүү илдеттер пайда болуп, ашыкча салмак келип чыгат. Бул өмүрдү кыскартуучу эң терс адат экенин адистер белгилешет.
Мисалы, Сардиниянын тургундары көбүнчө зайтун майы, буудай наны жана кызыл шарап ичишет, ал эми Окинавада жашылча менен таттуу картошка (батат) негизги азык болуп саналат. Эң кызыгы – тамакты алар аз аздан, бирок ырахат менен бат-баттан тамактанышат.
Стресс, ашыкча санаа — өмүр душманы
Изилдөөлөр көрсөткөндөй, узак жашагандардын көбү жакшы маанайда, оптимист жана руханий жактан бекем адамдар. Алар кыйынчылыкты тагдырдын сыноосу катары кабыл алып, ар дайым үмүт менен жашашат.
Грециянын Икария аралында “жашоо ырахаты” өзүнчө философияга айланган — бул жердеги эл убакытка шашылбайт, чай ичип, кошуналар менен сүйлөшүп, күн сайын күлүп жашайт. Узак жашаган элдердин баары жакындар менен байланыш жана коомдук колдоону жогору коёт. Италиянын Сардиния аралында болсо, улгайгандар үй-бүлөнүн кадырлуу мүчөсү, ар бир той же жолугушуу алардын катышуусуз өтпөйт. Ал эми Лома-Линдадагы адвентисттер жума сайын чогулуп, бири-бирине моралдык жана руханий колдоо көрсөтүшөт.
Өлкөбүздө
Саламаттыкты сактоо министрлигинин маалыматына ылайык, акыркы жылдары Кыргызстанда стресс, депрессия жана нерв ооруларынын саны кескин көбөйгөн же болбосо соңку беш жыл ичинде психо-эмоционалдык оорулар менен катталгандардын саны дээрлик 30 пайызга өскөн. Дарыгерлердин айтымында, бул тенденцияга бир нече фактор таасир этүүдө: экономикалык кыйынчылыктар, жумушсуздук жана карыз көйгөйлөрү; коомдук жана үй-бүлөлүк басым, турмуштук чыңалуу; маалыматтык чарчоо – социалдык тармактардагы терс маалыматтар жана салыштыруулар; уйкусуздук жана туура эмес жашоо образы. Адистер белгилегендей, стресс жана узакка созулган нерв чыңалуусу жүрөк-кан тамыр ооруларына, инсультка жана эрте өлүмгө алып келүүдө. Өлкөдө жыл сайын миңдеген адам дал ушул себептерден улам көз жумат.
Андыктан, эң жөнөкөй болгон адаттарды колдонуу менен, биз өз ден соолугубузду бекемдеп, узак жашоо сырын жашообузда колдонсок болот. Жакындар менен баарлашуу, бир туугандар менен тамашалашып, өткөн кеткенди чын дилден сүйлөшүү, күлкү-тамаша албетте стрессти жок кылып жашоого ырахат тартуулайт.

Жаратылыш менен гармония
Узак жашоо үчүн жаратылышка жакын жашоо маанилүү. Таза аба, таза суу, органикалык азык-түлүк, физикалык кыймыл жана тынч жашоо, күндүн энергиясы – ден соолук менен өмүрдү узарткан башкы факторлор. Жөнөкөй жаратылыш берип жаткан жер-жемиш, азык-түлүктөр менен тамактануу. Бак-дарак отургузуу, гүл, өсүмдүктөрдү өстүрүү, аларга камкордук кылуу, жан-жаныбарларды багуу сыяктуу табият өзү жараткан жаратылыштын гармониясы адамдын ден соолугуна дары да, азык да болот.
Демек, узак жашоонун сыры — кымбат дарыда эмес, жөнөкөй турмушта, таза абада, жылуу сөздө жана жакшы маанайда. Эң маанилүүсү — жашоонун ырахатын сезүү, жакындарың менен жылуу мамиле түзүү жана ар бир күнүң үчүн ыраазы болуу.
Ушундай жашоо образы ар бир адамды бактылуу жана узак өмүргө жетелейт дейт изилдөөчүлөр.
Гүлмайрам Рахманбердиева, Кыргыз Туусу


