Ишеналы Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик университетинин 80 жылдык мааракелик иш-чарасынын алкагында жана Бүткүл дүйнөлүк илим күнүнө карата профессор Каратай Сартбаевдин 95 жылдыгына, академик Болот Каратаевич Сартбаевдин 70 жылдыгына арналган “Окуучунун, студенттин чыгармачылык жөндөмүн өнүктүрүү — XXI кылымдын негизги компетенциясы” аттуу эл аралык илимий-практикалык конференция болуп өттү.
Башталгыч мектепте кыргыз тилин окутуунун методикасы илимин негиздөөчүлөрдүн бири, усулчу-окумуштуу, Кыргыз Республикасынын эмгек сиңирген мугалими, СССР жана Кыргыз ССР Эл агартуусунун мыктысы, Ч.Айтматов атындагы Эл аралык коомдук академиянын академиги, И.Арабаев атындагы медалдын жана сыйлыктын ээси, И.Арабаев атындагы илимий-изилдөө лабораториясынын негиздөөчүсү, “Алиппе” жана “Кыргыз тили” окуу китептеринин автору, педагогика илимдеринин кандидаты, профессор Каратай Сартбаевди кимдер билбейт. Анын колунан жаралган илимий-педагогикалык эмгектер, усулдук сунуштамалар ушул азыр да колдонулуп келатат.
Алгачкы сөздү Агартуу министрлигине караштуу Республикалык педагогикалык кызматкерлердин квалификациясын жогорулатуу жана кайра даярдоо институтунун директору А.Токтомаметов алып, “Алтын казык: баалуулуктарга негизделген билим берүү” аттуу баяндама жасап, анда аталган программанын артыкчылыктарын айтуу менен бирге К.Сартбаевдин илимий педагогикалык ишмердигинин бул программага дал келген негизги байланыштарына токтолду.
Андан соң С.Чуйков атындагы Кыргыз көркөм окуу жайынын директору Ж.Төлбашиева Каратай Сартбаевдин уулу СССР Сүрөтчүлөр союзунун мүчөсү, СССР дизайнерлер союзунун мүчөсү, КРнын сүрөтчүлөр союзунун мүчөсү, КРнын “Дизайн академиясы” УИБнин академиги, Т.Жүргенов атындагы Казак улуттук искусство академиясынын ардактуу профессору Болот Сартбаевдин өмүрү жана педагогикалык, теориялык, дизайнердик ишмердик боюнча зор салымы туурасында сөз кылды.
Конференцияга профессор К.Сарт-баевдин небереси, академик Болот Сартбаевдин кызы Британия Королевствосунун илимий коомунун мүчөсү, илимдин доктору, эл аралык бир нече сыйлыктардын лауреаты, дүйнөлүк окумуштуу Асел Сартбаева онлайн видео менен байланышка чыгып, чыгармачылык жаратмандуулукка үй-бүлөнүн таасири жана илимий сапары туурасында кеп кылды.
Асел Сартбаева демекчи, азыр аны бүт дүйнө тааныйт. Ал бүгүнкү күндө химиялык биотехнология жаатындагы илимдеги ачылыштары менен дүйнөлүк маанидеги окумуштуулардын көңүлүн өзүнө бурдуруп турган кези. Асел азыр өзү да дүйнөлүк маанидеги окумуштуулардын катарында турат. Асель Сартбаева вакциналарды муздаткычсыз сактоонун жана ташуунун инновациялык ыкмасын, кремний менен жабуунун жардамы аркылуу энсиликациялоону иштеп чыккан. Ушундайча корголгон вакциналар 100 градуска чейин ысытылганда же 3 жылга чейин сакталганда бузулбайт. Бул технологияны ишке киргизүү вакциналарды сактоого жана ташууга кеткен чыгымдарды алда канча төмөндөтүүгө жардам берет.
Бул иш чарада ушул саптардын автору, “Кыргыз Туусу” гезитинин мада-
ният бөлүмүнүн башчысы Б. Таштаналиев, мен да сүйлөп “Болот Сартбаев: атанын уулу, эненин кубанычы, элинин сыймыгы” аттуу китептин бет ачарын жасадым. Китеп Каратай Сартбаевдин уулу, академик Болот Сартбаевдин баскан жолу, илимий ишмердигине арналган. Болот Сартбаев тууралуу энеси белгилүү окумуштуу педагог Акүпү Мураталиева айтып берип, мен кагазга түшүрүп бердим.
Болот Сартбаевдин сүрөткө болгон шыгы 3-4 жашында эле билинген экен. Мектеп жашынан сүрөтчү болом деп даярданып, “Искусство” деген журналга жазылып, ар бир санын үзбөй окуп, андан шык алган, билимин өстүргөн. Москва жана Ленинграддан жарык көргөн искусствого байланышкан журналдарды, китептерди буюртма менен алдырып окуган. Мектепти бүтүп, Фрунзе шаарындагы С.Чуйков атындагы көркөм сүрөт окуу жайынын декоративдик-жасалгалоо бөлүмүнөн билим алып, билимин 1976-1981-ж.ж. Ленинграддагы В.И.Мухин атындагы мамлекеттик жогорку көркөм өнөр – өнөр жай академиясынын “интерьер жана жабдуулар” факультетинен улантат. Ошол мезгилдин кыйындары В.Д.Кирхоглани, А.П.Изоитко, А.П.Павловдон окуган.
“Болот Ленинградга кеткенде колуна бир чемоданын көтөрүп кеткен. Келгенде 7-8 таңгак менен келди. Биз жиберген акчага китеп алып, өзү алган стипендияга жашаптыр. Ушундай да китептин фанаты болобу. Үйүбүздүн бир бөлмөсүнүн бир жагы балабыздын китептерине толду. Китеп текче алып, китептерин койдук. Кийин өзүнчө үй-жайлуу болгондо китептеринин баарын алып кетти. Калган жүгү бир тең, китептери бир тең болду деп айтып жүрүшөт. А биз үчүн ал нерсе көнүмүш болчу. Атасы да, мен да китеп дүкөнгө жумасына бир жолу кирип-чыкпасак башыбыз ооруп калчу. Жакшы китеп болсо, кыя өтпөй ала берчүбүз. Кезектешип окуп болуп, анан ал китеп досторго, туугандарга колмо кол өтүп, элдин энчисине айланып кетчү” деп эскерет энеси көрүнүктүү педагог, филология илимдеринин кандидаты Акүпү Мураталиева эже.
Андагы Фрунзе, азыркы Бишкекке кайтып келген соң, Кыргыз ССР көркөм фондунда долбоорлоочу болуп иштеп, анан С.Чуйков атындагы көркөм сүрөт окуу
жайында атайын дисциплинадан сабак бере баштайт. Ал өз предмети боюнча Кыргызстандагы бирден бир адис болгон.
Болот Сартбаев өз ишинин кесипкөйү катары таанылып, 1991-жылдан Т.Садыков негиздеген жана жетектеген Улуттук көркөм өнөр академиясында иштейт. Кийин 1994-жылы КГУСТАнын дизайн факультетине ишке чакырышып, анда РЖиР кафедрасынын атайын дисциплина боюнча доценттин милдетин аткаруучу болуп эмгектенет.
Өзү “Мен академик боломун” деп максат кылгандай, “Дизайн академиясынын” ИИБнин академиги, “Бишкек дизайнерлер бирикмеси” башкармалыгынын төрагасы, Т.Жүргенов атындагы казак улуттук көркөм академиясынын ардактуу профессору болот. “Универсальный словарь дизайнера” окуу китебин, “Методические указания по курсу графической пропедевтики” методикалык окуу куралын, “өнөр жай графикасы”, “Станоктук живопись”, “Станоктук скульптура”, “Көркөм керамика”, “Чөйрөнү көркөм жасалгалоо” адистиктери боюнча окуу пландарын жазып, ошондой эле “Дизайн” боюнча окуу планын жана стандарттарын иштеп чыгат.. “В поисках утерянного Эдема”, “Дизайн это результат идеи”, “Кредит в искусстве или искусственный кредит” аттуу макалалары Бишкек, Алматыдагы мезгилдик басма сөзгө жарыяланат.
Мына ошентип баралына келип, чыгармачылыгы бышып жетилип турганда И.Арабаев университетине келип, дизайн кафедрасында жарыбаган айлык менен иштеп баштайт. Мына ошондо айрым көрө албастар “Атасы И.Арабаев атындагы лабораторияны ачып жатса, баласы минтип дизайн кафедрасын ачты” дешип бир боо кылып, сөз чыгарып ийишет.
Албетте, улуу идеялар, изги максаттар дайыма эле колдоого ээ боло бербейт, жашоонун өзүнүн мыйзам ченемдүүлүгү ошол. Болот Каратаевич муну эң жакшы түшүнгөн, ага кейиген да, кайгырган да эмес. Бирок бул Болотко катуу тийген. Себеби ошол убакта ооруп жүргөн. Ооруганын жан адамга билдирбей, жадагалса атасы менен апасына да айткан эмес.
Минтип Кыргызстанда дизайн академиясын ачууга мүмкүн болбой, колу-буту байлалуу болгондо, кошуна Казакстанга кетип, “Сымбат” дизайн академиясы жана Т.Жүргенов атындагы Казак улуттук искусство академиясы менен кызматташып, барып-келип иштегени ошондон. Ал мунун баарын өмүр бою алган билими, тажрыйбасы кийинки муундарга калсын жана унутулуп калбасын, өмүрү сая кетпеси үчүн жасаган. Анткен менен Болот Сартбаев өз мекенинин патриоту болгон. Казакстандын дизайн академиясы тарабынан Алматыда жашап калууга канчалык сунуштар түшпөсүн, ал бул сунушка макулдугун берген эмес.
Өз мекенинде, өзүбүздүн окуу жайлардын биринде дизайн академиясын ачууну көздөгөн. Тилекке каршы, бул кыялдары, ойлогон ойлору анын көзү тирүүсүндө жарым-жартылай гана ишке ашкан.
Болот Каратаевич Сартбаев бул дүйнөдө аз жашаса, ошол аз өмүрүндө байманалуу жана майнаптуу өмүр сүрдү. Дайыма идеялар менен, изги максаттар менен жашады.
Конференцияда сөз сүйлөгөн И.Ара-баев атындагы КМУнун профессору В.Мусаева: “Убагында Каратай агайга билим тармагын башкарып бер деп министрлик кызматты сунуш кылган экен. Ошондо ал кызматтан баш тартып, өзүн жалаң гана илимге, мектеп ишине баш байлаптыр. Аалым болуш оңой, адам болуш кыйын. Ал ар дайым адам болуп жашады. Каратай Сартбаевдин өмүрү баарыбызга үлгү боло алат. Бүгүнкү күндө медицинада Ахунбаевдердин, музыкада Малдыбаевдердин династиясы кандай даңазалууу болсо, билим, илимде Сартбаевдердин уникалдуу династиясы бар деп сыймык менен атай алабыз. Каратай агайыбыз жубайы КР билим берүүсүнүн эмгек сиңирген ишмери Акүпү эжей экөө агартуу тармагында өмүр бою иштеп ийгилик жаратышса, баласы, “Дизайн” академиясынын академиги Болот Сартбаев бул тармакты ат чабым алдыга сүрөп кетти. Биз айткан династияны андан соң небереси А.Сартбаева дүйнөлүк деңгээлге алып чыкты” – деп Сартбаевдердин үй-бүлөлүк династиясын ачып берди.
Бул калыс жана акыйкат баа. Бүгүн ата-бала профессор Каратай Сартбаев менен академик Болот Сартбаевдин улуу көчүн дүйнөлүк окумуштуу Асел Сартбаева татыктуу улантууда.
Болотбек ТАШТАНАЛИЕВ,
“Кыргыз Туусу”

