Диана Талгартбек кызы: “Бүгүнкү кыргыз жаштары аракетчил, жаңы идеяларга бай, тил үйрөнүүгө шыктуу жана күчтүү”

0
40449

Өткөн жумада Президент Садыр Жапаров өлкө ЖОЖдорунун 92 мыкты студентине президенттик стипендия тапшырды. К.И.Скрябин атындагы Кыргыз улуттук агрардык университетинде, инженердик техникалык факультетинин агроинженериядагы экономика жана менеджмент кесиби боюнча 4-курстун студенти Диана Талгартбек кызы да ушул стипендияга ээ болду. Аны менен катар “Борбордук Азиянын мыкты студенти” наамына жана Г.А. Балян атындагы фонддун стипендиясына татыды.

Биз Диана менен заманбап кыргыз жаштарынын мүмкүнчүлүктөрү, билимге болгон кызыгуусу жана лидерлик сапаттары жөнүндө сүйлөштүк. Ал университеттеги тажрыйбасы, устаттардан алган сабактары ошондой эле, жаштарга карата көз карашы тууралуу айтып берди.

– Диана, Президенттик стипендияга ээ болушуң менен куттуктайбыз! Алгач бул жаңылыкты укканда кандай сезимде болдуң?

– Чынын айтсам, башында түш сыяктуу эле сезилди. Телефонго келген катты кайра-кайра ачып окуй берип, бир ишенип, бир ишенбей турдум. Ушунчалык кубанып турсам да өзүмдү тынч кармоого аракет кылдым. Биринчи устатыма сүйүнчүлөдүм. Андан кийин ата-энеме айттым. Ал эми чыныгы кубаныч сезими Ынтымак ордосуна барып, сыйлыкты Президенттин колунан алган учурда гана келди…

– Сизге шыктануу берген адамдар кимдер?

– Чынын айтсам, башында университетке чоң кызыгуу менен эмес, жөн гана “диплом алып бүтүрсөм болду” деген ой менен келгем. Бирок убакыт өткөн
сайын бул ой таптакыр өзгөрдү. Мага окуу жайымдагы профессорлордун, окутуучулардын студенттерге болгон мамилеси, алардын студенттерге болгон жылуу, жан дүйнөсү менен кылган камкордугу  чоң таасир берди. Ар бир окутуучу билим гана эмес, жашоого болгон көз карашымды да өзгөрттү.

Айрыкча ректорубуз, академик Рысбек Зарылдыкович Нургазиев жөнүндө айткым келет. Ал ар бир студентти өз баласындай көрүп, ийгилигине чын ыкластан кубанат, ишеним берип, колдоо көрсөтөт. Эң баалуу сапаты – жөнөкөйлүгү жана ар бир студенттин пикирин угууга даярдыгы. Дал ушундай жетекчи мага чоң шыктануу берди. Ошондой эле мен үчүн өзгөчө устаттар – профессор Батаканова Светлана Топчиевна жана факультеттин окутуучулар жамааты болду. Алардан мен жөн гана сабак эмес, жашоонун сабагын үйрөндүм. Ар бир сөзүнөн жана жүрүм-турумунан үлгү алып, инсан катары өсүүгө шыктандым.

– Жаштарга билим алуу жана максат коюу боюнча кандай кеңеш айта аласың?

– Билим алуу жана максат коюу жөнүндө сөз кылганда, менин оюмча эң маанилүү нерсе- жоопкерчиликти ала билүү жана эрктүүлүк керек. Себеби, биздин улуу окутуучу дайыма: «Эгер сенде миң түркүн талант болсо да, жоопкерчилигиң жок болсо-ал таланттын баасы бир тыйын», – деп айтчу. Бул сөздүн чыныгы маанисин мен кийин түшүндүм. Чынында, адам канчалык билимдүү, таланттуу же акылдуу болбосун, эгер өзүнө, убактысына, ишине жана максатына жоопкерчилик ала албаса, эрктүү болбосо,  алдыга чыгуусу кыйын. Менин түшүнүгүмдө жашоонун формуласы көп кеңеш угуу эмес. Адам өзүн өзү тарбиялап, өзүнө талап коюп, ар күнү өз жашоосу үчүн жоопкерчиликти мойнуна ала билсе, ошол жетиштүү. Анткени, жоопкерчилик бар жерде тартип бар, тартип бар жерде – өсүү бар. Менин оюмча, адам үчүн эң маанилүү сапаттар – чечкиндүүлүк, аракетке даярдык жана жоопкерчиликти өз мойнуна ала билүү. Дал ушул үчөө ийгиликке жетүүнүн негизин түзөт.

– Кыргызстандагы жаштардын потенциалын өнүктүрүү үчүн эмне кылуу керек деп ойлойсуз?

– Менин оюмча, жаштардын потенциалын ачуу үчүн бир эле нерсе эмес, бир нече багыт керек. Биринчиден, сапаттуу билим жана практика болушу зарыл. Жаштар теорияны эле окуп тим болбостон тажрыйбага, долбоорлорго жана стажировкаларга катышышы керек. Айрыкча айыл жергесиндеги жаштарга бирдей мүмкүнчүлүк түзүлүшү маанилүү. Мен бул нерсенин канчалык эффективдүү экенин өз тажрыйбамда көрө алдым десем болот, себеби биздин КУАУ да, лабораториялар, завод жана музейлер бар. Анын натыйжасында биз  өзүбүздүн адистигибизди тереңдетүү менен окуй алабыз. Ошол себептен сапаттуу практика болуусу зарыл деп эсептейм. Экинчиден, ишеним жана колдоо чөйрөсү абдан маанилүү. Жаштарга “сен жашсың, дагы эрте” дебей, тескерисинче ишенип, жоопкерчиликти берип көрүш керек. Эң негизги нерсе – өз алдынча ойлонгон, жоопкерчиликтүү муунду тарбиялоо. Биздин келечек – өзүнө ишенген жана аракет кылган жаштарда. Ошондуктан, жаш адам сөз менен эмес, иш менен үлгү болушу керек. Жыйынтыктап айтканда жаштарды кармап туруу эмес, ишендирүү, башкаруу эмес – мүмкүнчүлү берүү, жөн гана окутуу эмес – жашоого даярдоо керек. Ошондо потенциал күчкө айланат.

– Бүгүнкү кыргыз жаштарынын портретин кандайча сүрөттөй аласың? Алардын күчтүү жана алсыз жактары кайсылар?

– Мен бүгүнкү кыргыз жаштарын аракетчил, энергиялуу, жаңы идеяларга ачык жана тил үйрөнүүгө шыктуу жана күчтүү деп сүрөттөйм. Алардын күчтүү жактары – жаңы маалыматты бат кабылдай билүү, максатка умтулуу жана өзгөрүүгө даярдыгы. Алсыз жактары – кээде чечкиндүүлүктүн жетишпеши, шашмалык, өзүнө ишенбөө жана жалкоолук. Көп ийгиликтерден, жетишкендиктерден бизди тосуп койгон бул жалкоолук, ошол себептен эң алсыз жак ушул деп ойлойм.

– Жаш муундун негизги мис-сиясы бүгүнкү Кыргызстанда эмнеде – билим алуудабы, коомдук активдүүлүктөбү же жаңы идеяларды жаратуудабы?

– Менин оюмча, жаш муундун негизги миссиясы – билим алып, өзүн өнүктүрүп, анан жаңы идеяларды жаратуу аркылуу коомго жана өлкөсүнө пайда алып келүү. Бир гана билим же активдүүлүк жетишсиз, баары бири-бирине байланыштуу. Жаштар идея жаратып, аракет кылганда гана өлкө өзгөрөт. Аны менен биргеликте чет тилдерди үйрөнүү, ар бир жаш муундун милдети деп айтмакчымын. Өз тилиңди сүй, бирок чет тилди үйрөн – акылың кеңейет, дүйнөң байыйт. Себеби чет тилди үйрөнүү – дүйнөгө ачылган эшик.

– Азыркы жаштарда “чет өлкөгө кетүү” каалоосу көбүрөөк байкалат. Бул көрүнүш эмнеден кабар берет?

– Жаштардын “чет өлкөгө кетем” деген каалоосу  мүмкүнчүлүктүн жана шарттардын  жетишсиздигин сезгендиктен пайда болот. Көпчүлүк жаштар билим, карьера, тажрыйба издейт, бирок алар үчүн Кыргызстанда андай шарттар  толук түзүлбөйт. Бул көрүнүштү өзгөртүү үчүн керек болгон нерсе – жаштарга мүмкүнчүлүк түзүү, ишеним берүү жана шартты жакшыртуу,  сапаттуу билим, стажировка, стартап жана карьералык программалар, ишкерликке колдоо. Эгер жаштар өз өлкөсүндө өсүп, идеяларын ишке ашыра алышса – четке кетүүнү көп деле ойлонбой калат деп ойлойм, себеби,  өз мекениңде, ата-энеңдин жанында, жүргөнгө эмне жетсин.

– Сиз өзүңүздү келечекте жаштардын үнүн угузган өкүл катары элестете аласызбы?

– Ооба, мен өзүмдү келечекте жаштардын үнүн жеткире алган өкүл катары элестетем. Себеби жаштардын идеясы, энергиясы жана үнү угулушу керек. Мен аларга мүмкүнчүлүк түзүп, өзгөрүүлөрдү жасоого көмөк көрсөткүм келет.

– Технологиялар, социалдык тармактар жаштардын дүйнө
таанымына чоң таасир этүүдө. Цифралык доор жаштарга көбүрөөк мүмкүнчүлүкпү же коркунучпу?

– Менимче, цифралык доор жаштарга чоң мүмкүнчүлүк берет. Бирок, ал кээде коркунучтуу да болушу мүмкүн. Мүмкүнчүлүгү билим алуу, дүйнөлүк тажрыйба менен таанышуу, идеяларды жайылтуу жана жаңы өнүгүүлөрдү окуу. Коркунучу – убакытты текке кетирүү, жалган маалыматка алданып калуу жана реалдуу жашоодон алыстоо. Ошондуктан, жаштар үчүн негизги нерсе – технологияны акыл менен колдонуу, пайдасын максималдуу пайдаланып, зыяндан алыс болуу.

– Кыргызстандагы жаштардын билим деңгээли жана дүйнөлүк
атаандаштыкка даярдыгы боюнча кандай ойлойсуң?

– Жаштарда потенциал чоң, тил билүү, технологияны колдонуу жөндөмү күчтүү. Бирок, дүйнөлүк деңгээлде атаандашуу үчүн практика, аналитикалык ой жүгүртүү жана тажрыйба жетишпейт. Эгер ушул жагын күчөтсөк, жаштар дүйнөлүк аренада толук активдүү боло алат.

– Сиз үчүн “жаш лидер” деген ким, келечектин жаш лидери кандай сапаттарга ээ болушу керек?

– Жаш лидер – сөз менен эмес, иш менен үлгү көрсөткөн адам. Ал чынчыл, эмгекчил, жөнөкөй,  жоопкерчиликтүү жана өзгөрүүгө даяр болушу керек. Келечектин лидери – жаштарга мүмкүнчүлүк түзө алган, идеяны ишке ашыра билген, коомго салым кошкон адам.

– Кыргызстанды он жылдан кийин кандай элестетесиң? Дегеле кандай өлкөнү көргүңүз келет жана өзүнүздү кайсы чөйрөдөн көрөсүз?

– Он жылдан кийин мен агрардык жана технологиялык жактан өнүккөн, жаштардын мүмкүнчүлүгү кең өлкөнү элестетем. Жаштар ошол келечекти курууда негизги роль ойнойт: идея жаратуу, долбоорлорду ишке ашыруу жана өзгөртүүлөрдү демилгелөө. Өзүмдү билим берүү же жаштар саясаты тармагында, тажрыйбалуу адис катары
көрөм.

– Алдыдагы максаттарыңыз жана кыялдарыңыз?

– Негизи алдыга койгон максаттарым абдан масштабдуу жана көп, баарын айта берсем сөз бүтпөйт, ошол себептен маанилүүсүнө кыскача токтоло кетсем, сапаттуу билим алып, профессионалдуу адис болуу жана жаштардын үнүн жеткире алган лидер болуу. Кыялым — Кыргызстанда жаштар үчүн мүмкүнчүлүктөр көп, идеялар ишке ашкан өнүккөн  өлкөнү көрүү.

Анара АРЗЫБАЙ кызы,
“Кыргыз Туус

 

ПИКИР КАЛТЫРЫҢЫЗ

Сураныч, пикир жазыңыз!
Сураныч, бул жерге атыңызды киргизиңиз