АКШ президенти Дональд Трамп 6-ноябрда Вашингтондогу Ак үйдө Борбор Азия өлкөлөрүнүн лидерлери менен жолугушуу өткөрдү. Иш-чара “С5+1” форматындагы саммиттин алкагында болуп өттү.
Жолугушуу алдында Трамп ар бир өлкөнүн жетекчиси менен өз-өзүнчө сүйлөшүп, андан соң Ак үйдүн Чыгыш залында иштиктүү кечки тамак уюштурулду. Саммитке Казакстан, Кыргызстан, Тажикстан, Түркмөнстан жана Өзбекстан катышты.
АКШ лидери өз сөзүндө:“Биз экономикалык өнөктөштүктү бекемдеп, коопсуздук жаатындагы кызматташууну тереңдетип жатабыз. Борбор Азия — Чыгыш менен Батышты бириктирген тарыхый көпүрө”, — деди Трамп.
Кездешүү АКШ менен Кытайдын ортосундагы сейрек кездешүүчү металлдар боюнча талаш-тартыш убактылуу жумшарган учурга туш келди. Вашингтон азыр бул тармакта Кытайга болгон көз карандылыкты азайтуу үчүн жаңы өнөктөштөрдү издеп жатат.
Борбор Азия өлкөлөрү дүйнөдөгү урандын жарымына жакынын өндүрөт жана ири минералдык запастарга ээ, бирок аларды иштетүүгө инвестиция жетишсиз экени белгиленди.
Казакстан менен АКШ вольфрам кенин биргелешип иштетүү боюнча келишимге кол коюшту. Анын алкагында америкалык компания 70% үлүшкө ээ болуп, долбоордун баасы 1,1 млрд доллар деп бааланууда. Ошондой эле тараптар энергетика, транспорт жана минералдык ресурстар боюнча жалпы суммасы 17 млрд долларлык келишимдерге жетишти.
АКШнын администрациясы мындан тышкары Казакстан, Тажикстан жана Өзбекстан үчүн Boeing учактарын сатып алуу боюнча жаңы келишимдерди жарыялады.
Трамп социалдык тармактагы билдирүүсүндө:“Казакстан — менин экинчи президенттик мөөнөтүмдө Авраам келишимдерине кошулган алгачкы өлкө болот”, — деп жазды.
Бул жолугушуу “С5+1” форматындагы лидерлердин Ак үйдө биринчи жолу өткөрүлгөн саммити болуп калды.

