Башкы беткеМаанилүүМинералдык жана газдалган сууларды милдеттүү түрдө маркалоонун мөөнөтү жылдырылды

Минералдык жана газдалган сууларды милдеттүү түрдө маркалоонун мөөнөтү жылдырылды

Мамлекеттик салык кызматы салык төлөөчүлөргө таңгакталган сууларды, анын ичинде минералдык жана газдалган сууларды эсепке алуу-контролдоо маркалары менен милдеттүү түрдө маркалоо мөөнөтү 2026-жылдын 1-январына жылдырылгандыгын маалымдады.

Маалыматка ылайык, мөөнөттү жылдыруу тууралуу чечим эң көп керектелүүчү мезгилде таңгакталган сууну өндүрүүнү жана импорттоону үзгүлтүккө учуратууга жол бербөөгө, ошондой эле көп сандаган кайрылууларга байланыштуу кабыл алынган.

«Ишкерлер, импорттоочулар жана өндүрүүчүлөр бул продукцияны эсепке алуу-контролдоо маркалары жок саткандыгы жана жүгүрткөндугү үчүн айып санкциялары колдонулбайт»,- деп айтылбайт маалыматта.

Эскерте кетсек, буга чейин Министрлер кабинетинин 2025-жылдын 1-июлунда быйылкы жылдын 15-июлунан тарта таңгакталган сууну эсепке алуу-контролдоо маркалары менен милдеттүү түрдө маркалоо тууралуу токтом кабыл алган эле.

Гезит

Дүйнө коомчулугун дүрбөткөн мунайдын баасы

Акыркы апталарда дүйнөлүк мунай базарында абал кескин өзгөрүп, баалар жогорулап, базар туруксуз абалда. Мунун негизги себеби – Жакынкы Чыгыштагы, айрыкча Иран айланасындагы аскердик жаңжал...

Рубрикалар

ПИКИР КАЛТЫРЫҢЫЗ

Сураныч, пикир жазыңыз!
Сураныч, бул жерге атыңызды киргизиңиз

Байланыштуу жаңылыктар