Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров бүгүн, 7-февралда, Ысык-Көл облусуна болгон иш сапарынын алкагында Binance ири эл аралык криптобиржасынын негиздөөчүсү Чанпэн Чжао менен жолугушуп, өлкөнүн туристтик мүмкүнчүлүктөрүн тааныштырды.
Жолугушуунун алкагында тараптар “Каракол” тоо лыжа базасынын инфраструктурасы менен таанышышты. Мамлекет башчысы Ысык-Көл облусунун туристтик потенциалына өзгөчө көңүл буруп, тоо лыжа кластерлерин өнүктүрүү аймакты эл аралык туризмдин ири борборуна айландыруу үчүн стратегиялык мааниге ээ экенин белгиледи.
Президент Садыр Жапаров “Ала-Тоо Резорт” тоо лыжа кластеринин курулушу активдүү улантылып жатканын айтып, бул долбоор өлкөнүн туристтик тармагын жаңы деңгээлге чыгарарын белгиледи.
Садыр Жапаров жана Чанпэн Чжао комплекстин айланасын, анын ичинде тоолордун кооз панорамасы ачылган эң бийик чекиттерин көрүп чыгышты.
Өз кезегинде Чанпэн Чжао кар катмарынын сапатын жана тейлөө деңгээлин жогору баалап, Каракол тоо лыжа базасы алдыңкы европалык курорттор менен атаандаша ала турган чоң мүмкүнчүлүккө ээ экенин белгиледи.
Жолугушуу чай ичүү менен жыйынтыкталып, анда тараптар инфраструктуралык долбоорлор жана туризмди өнүктүрүү маселелерин бейформал шартта талкуулашты.

