Борбору жок өлкө
Океания аталган, Тынч океандагы аралдарда чакан мамлекеттердин катарына кирген өлкөлөр бар: Гуам, Папау, Маршалл аралдары, Тувалу, Науру ж.б. Бир аймакта жашагандыктан, климаты, географиялык шарты, чарбачылыгы дээрлик окшош.
Баары тең атолл аталган коралл аралдарында жайгашкан. Баары тең европалык колонизаторлордун ээлигинде болуп, улам бир мамлекеттин колунан колго өтүп, азыр да толук суверенитетке ээ эмес, АКШ же башка бир мамлекеттин ассоциациясына кирген чакан өлкөлөр. Маселен Гуам чектелген суверенитетке ээ, АКШнын штаты эсептелбейт, бирок анын ээлигиндеги корпоративдик аймак. Гуамдын салттуу урааны – “Америка күнү башталган жер”.
Ал эми Маршалл аралдары, 1526-жылы испандыктар тарабынан ачылган. XVII-XIX кылымдарда Испанияга таандык болгон. 1788-жылы Британ капитаны Джон Маршалл тарбынан кайра ачылгандыктан, ошонун ысымындагы аралдар тизмеги. 1919-жылы Жапония өзүнө каратып алган. Экинчи дүйнөлүк согушта Кошмо Штаттар ээлеп алат. 34 атолл аралдарынан турат. Аянты 181 чарчы чакырым. Тескерисинче, Гуамды Перл-Харбордогу салгылаштан кийин Жапония ээлеп алып, эки жарым жыл эзип турган. 1944-жылы гана АКШнын карамагына өтөт. 1986-жылдан тартып көз карандысыз статусуна ээ өз алдынча мамлекет. 1990-жылы БУУ Маршалл аралдары Республикасынын көз карандысыздыгын тааныган, бирок АКШ менен түзүлгөн келишимге ылайык, ассоциациянын мүчөсү катары өлкөнүн коопсуздугун сактоо милдетин АКШ өзүнө алган. Американын аскер базалары жайгашкан.
Жанар тектүү атоллдордон турган арал-мамлекеттердин ичинен Науру эң кичинеси, бирок башкаларынан бир топ өзгөчөлүктөргө ээ.
Науру эң кичине арал-мамлекет, Европанын чегинен тышкары өлкөлөрдүн ичинен эң кичинеси. Наурунун аянты болгону 21 чарчы чакырым, калкынын саны – 11 миң 65 киши. Науру аралы экватордон 42 чакырым аралыкта жайгашкан.
Науру – 1968-жылы кабыл алынган Конституцияга ылайык, башкаруунун республикалык формасына ээ, парламентаризмдин Вестминстер сис-темасы жана президенттик башкаруунун айрым элементтери менен айкалышат.
Расмий ордо калаасы жок эки мамлекеттин бири (экинчиси Швейцария). Ярен шаары бул өлкөнүн шарттуу, расмий эмес борбору, анткени ушул калаада парламент жана аэропорт жайгашкан. Биздин заманга чейинки 10-кылымдан бери микронезиялык жана полинезиялык элдер жашап келген. Европалыктар келгенче бул аралда 12 уруу эл жашаган. Науру Республикасынын гербинде 12 бурчтуу жылдыз ошол урууларды символдоштурат. Науруда эмдигиче этностук иденттүүлүгү, теги энесине жараша
аныкталат.
XIX кылымда аралды Германия аннексиялап, өзүнүн территориясы деп жарыялайт. Биринчи дүйнөлүк согуштан кийин, бирок Австралия, Жаңы Зеландия жана Улуу Британия биргелешип башкарган шартнама менен Улуттар лигасынын мандатына өтөт. Экинчи дүйнөлүк согушта арал ырайымсыз салгылаштын чордону, бомбалоонун объектиси болгон. 1942-жылы Жапон аскерлери оккупация-лап алат. Жапония жеңилген соң, 1947-жылы кайрадан Бириккен Улуттар Уюмунун камкордугуна алынат. Эркиндик үчүн күрөш дээрлик 20 жыл уланат. Тынч Океандагы аралдардын элинде баары биригип, Микронезия жана Полинезиянын бир бөлүгүн камтыган бирдиктүү мамлекет куруу идеясы болгон. Бирок Маршалл аралдары, Папау, Түндүк Мариан аралдары, Микронезия Федеративдик Штаттары деген чакан мамлекеттер жана суверенитети чектелүү аймактарга пайда болот.
Науру Республикасы 1968-жылы көз карандысыздыгын жарыялап, БУУ тааныйт. Тынч океан жамаатына жана Улуу Британиянын орбитасындагы Улуттар шериктештигине мүчө.
Науру 1798-жылы, европалыктар үчүн калган аралдардан кеч ачылган. Жаңы Зеландиядан Кытайга сүзүп бараткан кеменин капитаны Дж. Фирн кокус аралга туш болуп, керемет кооздугу, абасынын жагымдуулугу үчүн Pleasant Island (Жагымдуу арал) деп атаган. Ушул ат бир кылымга чукул колдонулган. Эми деле расмий эмес аталышы ушундай. Жагымдуу аралга алгач келген европалыктарды аралга шайкеш, ылайыктуу дешке болбойт. Анткени алар качкын-бозгун каторжниктер, кылмышкерлер эле. Жергиликтүү калкты ичкиликке көндүрүп, жыныстык ооруларды жайылткан, мылтыкка үйрөткөн да европалыктардын алгачкы толкуну. Кийинчерээк кит уулоочулар, соодагерлер жана миссионерлер келе баштаган.
Науру да калган арал-мамлекеттердей эле, колдон колго өтүп келген. 1988-жылы Германия басып алат, Джалуит компаниясынын башкаруусундагы аймак катары эсептейт. Фосфориттин ири кени табылган соң, арал талашка түшөт. Австралия кенди иштетүү үчүн адегенде Pacific Phosphate компаниясын жиберип, анан 1914-жылы биротоло ээлеп алат. 1923-жылы Науру Улуттар лигасынын карамагына өтөт, Англия, Жаңы Зеландия жана негизинен Австралия биргелешип башкарат. Башкаруучуларды насили фосфор кени кызыктыргандыктан, үч мамлекет биригип British Phosphate Commision ишканасын түзөт. Фосфор абдан көп казылып алынган, мисалы ар жылы 1 миллион тоннадан ашык фосфор сыртка экспорттолуп турган. Жергиликтүү калк эбегейсиз байлыктан ооз тийгенге да чамасы жеткен эмес, ал тургай көз акысы буюрбаган.
Наурунун учурдагы этникалык курамы тоо-кен иштетүү өнөр жайынын таасири астында калыптанган. 1930-жылдары фосфор кенин иштетүү үчүн кен ээлери чар тараптан жумушчуларды алып келген. 1940-жылга карата Наурунун жергиликтүү калкына караганда келгин жумушчулар көбүрөөк боло баштайт. 1970-жылы келгиндер 60%, жергиликтүү наурулуктар 40%ды түзөт. 1990-жылдары фосфор кени аягына чыга баштаганда, келгиндер азайган. Азыр калктын 91%ы жергиликтүү наурулуктардын урпактары.
Кымындай болгон менен Наурунун тышкы саясаты кызык. Науру дүйнөнүн көбү тааныбаган Кытай Республикасы (Тайван) менен 1980-жылы дипломатиялык мамиле түзөт. 2002-жылы келишимди жокко чыгарып, мамилесин үзүп, Кытай Эл Республикасы менен дипломатиялык мамиле түзөт. Гонконгдо кол коюлган келишимде Науру бир гана Кытайды – тааный турганын билдирет. Бээжин бул кадамга ыраазы болуп, 60 миллион доллар финансылык жардам көрсөтүүгө жана АКШнын General Electric компаниясына болгон Наурунун 77 миллион доллар карызын жабууга милдеттенет. Тайван Бээжинди доллар дипломатиясы менен майда өлкөлөрдү сатып алып жатат деп чырдайт. Наурудан 12,1 миллион аласасын доолай баштайт. Акыры Науру менен Тайван 2005-жылы кайрадан дипломатиялык мамиле тууралуу келишимге кол коюшат, Бээжин чалкасынан кетип, дипломатиялык мамилесин үзөт. Дипломатиялык селкинчек кимдин утушу менен аяктаганы белгисиз, бирок учурда Науру Тайвандын технологиялык жана финансылык жардамын пайдаланат, ири мамлекет Астралиянын зор колдоосуна ээ. Кенедей Науру килейген Австралиядан бир кезде фосфор кенин иштеткенде албай калган компенсациясын, иштетилген кендердин рекултувациясына кетүүчү чыгымдарды өндүрүп алды. Тынч океанда атомдук сынак жургүзгөнү үчүн Франция менен мамилесин үзөт. Париж сыноосун токтотот, келтирген экологиялык зыяндын кенемтесин төлөйт.
Наурунун финансылык жана социалдык көйгөйлөрү бар, анын ичинен эң оору – бул наурулуктардын ашкере семиздиги. БУУнун маалыматына караганда, Науру семиздиктен жабыркагандардын саны боюнча дүйнөдө биринчи орунда. Негизги себеби калориясы жогору консервант азыктар.
Сыргак ЭСЕНБЕК

