Оманда Иран менен АКШ сүйлөшүүлөрү башталды

0
1814

Оман султандыгынын борбору Маскат шаарында Иран менен АКШнын делегацияларынын ортосунда ядролук программа боюнча расмий сүйлөшүүлөр башталды. Сүйлөшүүлөр омандык дипломаттардын ортомчулугу менен өтүүдө. Бул тууралуу Ирандын Mehr маалымат агенттиги кабарлады.

Иран делегациясын тышкы иштер министри Аббас Аракчи жетектөөдө. Ага мурунку сүйлөшүүлөргө катышкан өкүлдөрдөн тышкары, ТИМдин экономикалык дипломатия боюнча орун басары Хамид Ганбари да кошулду. АКШ тараптан сүйлөшүү тобун президенттин атайын өкүлү Стив Уиткофф жетектеп жатат, делегациянын курамына ошондой эле Жаред Кушнер кирди.

Сүйлөшүүлөр башталар алдында эки тараптын делегация башчылары Омандын тышкы иштер министри Бадр бин Хамад Аль-Бусаиди менен өзүнчө жолугушууларды өткөрүштү.

Буга чейин Ирандын тышкы иштер министри Тегеран сүйлөшүүлөргө “ак ниет менен, өткөн тажрыйбаны толук эске алуу менен жана өз укуктарын чечкиндүү коргоо максатында” катышып жатканын билдирген. Иран үчүн негизги артыкчылык — санкцияларды алып салуу же жумшартуу маселеси. Маалыматтарга караганда, АКШ сүйлөшүүлөрдүн күн тартибин кеңейтүүгө умтулган, бирок Тегеран ядролук программа боюнча гана талкуу жүргүзүүгө макул болгон.

Чет элдик басылмалар  билдиргендей, америкалык-ирандык сүйлөшүүлөрдүн өтүшүнө араб өлкөлөрүнүн АКШ президенти Дональд Трампка көрсөткөн басымы олуттуу таасир эткен. Аймактагы кеминде тогуз мамлекеттин лидерлери Ак үй башчысынан жолугушууну жокко чыгарбоону өтүнүшкөн.

Эске салсак, 2025-жылы Стив Уиткофф менен Аббас Аракчи Оманда Ирандын ядролук программасы боюнча беш раунд сүйлөшүү өткөрүшкөн, бирок диалог жыйынтыксыз аяктаган. Июль айында АКШ Ирандын ядролук объектилерине сокку ургандан кийин эки өлкөнүн түз байланыштары үзгүлтүккө учураган. Ал эми 26-январда АКШ президенти Дональд Трамп Иранды ядролук куралдан толук баш тартууну караган “адилеттүү жана тең укуктуу” келишим түзүүгө чакырган.

ПИКИР КАЛТЫРЫҢЫЗ

Сураныч, пикир жазыңыз!
Сураныч, бул жерге атыңызды киргизиңиз