Кыргыз Республикасынын Социалдык фонду 2026-жылдын январь айынын жыйынтыгы боюнча Мамлекеттик топтомо пенсиялык фонддун каражаттарын башкаруудан 526,3 млн сом инвестициялык киреше алганын билдирди.
Маалыматка ылайык, январь айында Соцфонд 1,44 млрд сом өлчөмүндөгү бош каражатты инвестициялаган. Каражаттардын коопсуздугун жана кирешелүүлүгүн камсыз кылуу максатында алар мамлекеттик баалуу кагаздарга жана коммерциялык банктардын депозиттерине жайгаштырылган.
Тактап айтканда, 1,14 млрд сом мамлекеттик баалуу кагаздарга салынган, алардын жылдык кирешелүүлүгү 15,2–16 пайызды түзгөн. Ал эми 300 млн сом 12 жана 18 айлык мөөнөткө банктык депозиттерге жайгаштырылып, пайыздык чендер 11,3–14,3 пайыз болгон.
Алынган кирешенин негизги бөлүгү — 512,7 млн сом — мамлекеттик баалуу кагаздардан түшкөн. Депозиттик салымдардан 12,6 млн сом, ал эми эсептердеги күнүмдүк калдык каражаттардан кошумча 1 млн сом киреше алынган.

