Жекшембиде өткөн шайлоодо Либерал-демократиялык партия жеңишке жетип, Япониянын парламентинде басымдуу көпчүлүктү түзө турган болду. Бул либерал демократтардын 2017-жылдан берки биринчи чоң жеңиши. Эми парламенттеги 465 орундун болжолу үч жүзү мандаты Санаэ Такаитинин ишенимдү таянычы жана саясий базасы болмокчу. Такаитинин устаты Синдзо Абэ бийликтен кеткенден бери ЛДП мындай добушка ээ боло албай, ар кайсы партия менен коалиция түзүүгө жана алардын пикири менен эсептешүүгө мажбур болуп келген. ЛДПга салттуу оппозиция болгон Конституциялык-демократиялык партия менен Комэйто партиясы бириккен орточул реформатордук альянс буга чейинки 167 мандаттын үчтөн экисинен ажырады. Мурдагы шайлоодо араң 198 мандат алган ЛДП өкмөт куроого мандаты жетпегендиктен улам коалицияга кошууга аргасыз болгон Япон инновациялык партиясы да көп добуш алганы жок.
Премьер-министр Санаэ Такаити парламентти таркатып, кезексиз шайлоо дайындаганда өлкө ичинде да, тышында скептиктер арбын эле. Тобокел кадамга барды, биринчи премьер-айым өзүнүн кумири Маргарет Тэтчердин карама-каршысы болуп, эң аз иштеген премьер катары тарыхта калат деген божомолдор көп болгон. Санаэ Такаити негизинен жаштар арасында колдоого ээ болду. Ал эми инфляцияны ооздуктоо боюнча экономикалык кадамдары бизнести да, карапайым калкты ынандыра алды дешет япон аналитиктери. Такаити дайындалаары менен экономикалык стимул катары жумшаган 135 млрд доллар да өз натыйжасын бере баштады көрүнөт.
Чоң женишке жеткен Санаэ Такаити айымдын алдында оор сыноолор турат. “Кыргыз Туусу” мурда жазгандай (https://kyrgyztuusu.kg/archives/30412), Япониянын ички-тышкы карызын азайтуу, социалдык маселделерден тышкары, коңшулары менен сууп кеткен мамилени жакшыртуу, АКШ менен соода алакасын бекемдөө, Азия-Тынч океан аймагындагы экономикалык лидерлигин тастыктоо сыяктуу проблемалар шайлоодон алда канча оор чакырыктар.

