Жакынкы Чыгыш өлкөлөрүндө болжол менен 22 миң кыргызстандык бар. Бул тууралуу Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлигинин Консулдук департаментинин директору Сейтек Жумакадыр уулу билдирди.
Анын айтымында, оперативдүү штаб түзүлүп, абалды түнү менен мониторинг кылуу иштери жүрүүдө.
“Учурда кырдаал туруктуу, жабыркагандар жок. Дубай шаарында жана Катарда туристтик максатта жүргөн жана иштеген кыргыз жарандары көп. Катарда болжол менен 800 турист бар, ал эми Бириккен Араб Эмираттарында 10 миңге жакын жаран жүрөт. Башкы консулдук Дубайдан миңден ашуун кайрылууларга жооп берди. Туризм департаменти мейманканаларга акысыз жашатууга билдирүүлөрдү жөнөттү. Израилде жана Иранда болжол менен 100 кыргызстандык бар. Учурда Тышкы иштер министрлиги альтернативдүү жолдорду ойлонуп, этаптуу иш-чараларды жүргүзүп жатат”, — деди Сейтек Жумакадыр уулу.


