Кыргызстандын Коопсуздук кеңеши ыкчам жыйын өткөрдү

0
5094

Кыргызстандын Коопсуздук кеңешинин катчысы Адилет Орозбеков Жакынкы Чыгыштагы кырдаалга байланыштуу укук коргоо, күч түзүмдөрү жана башка тармактык ведомстволордун жетекчилери менен ыкчам кеңешме өткөрдү.

Жыйындын жүрүшүндө мамлекеттик органдардын өз ара аракеттенүүсүнүн актуалдуу маселелери, анын ичинде согуштук аракеттер жүрүп жаткан аймакта калган кыргыз жарандарынын абалы талкууланды. Адилет Орозбеков алардын коопсуздугун камсыз кылуу жана мекенге кайтаруу үчүн чукул чараларды көрүү зарылдыгын белгиледи.

Мындан тышкары, кырдаал турукташканга чейин Жакынкы Чыгыштагы абалды күнү-түнү мониторинг кылуу тапшырылды.

Тышкы иштер министрлигине тобокелдик зонасындагы кыргыз жарандарынын абалын жана санын тактоо, аларды коопсуз жайларга убактылуу жайгаштыруу, зарыл болсо чукул эвакуациялоо маселелерин иштеп чыгуу тапшырылды.

Белгиленгендей, Тышкы иштер министрлигинин жана чет өлкөдөгү элчиликтердин, консулдуктардын базасында жарандарга чукул жардам көрсөтүү жана консультация берүү үчүн “ыкчам байланыш” телефондорунун иши үзгүлтүксүз улантылышы зарыл.

“Биз согуш жүрүп жаткан аймактагы жана аба мейкиндигинин жабылышынан улам аэропорттордо калып жаткан жарандарыбыздын коопсуздугун камсыз кылышыбыз шарт. Бул биздин түздөн-түз милдетибиз”, — деп жыйынтыктады Коопсуздук кеңешинин катчысы Адилет Орозбеков.

ПИКИР КАЛТЫРЫҢЫЗ

Сураныч, пикир жазыңыз!
Сураныч, бул жерге атыңызды киргизиңиз