Бишкекте биринчи жолу жоогаз фестивалы өтүүдө. Кыргыз Республикасынын Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлиги «ТюлпанЛенд» компаниясы менен биргеликте жоогазын фестивалын баштады.
Фестиваль 2-марттан 10-мартка чейин уланат. Анын алкагында жоогазын гүлдөрү дүң жана чекене баада сатыкка коюлууда. Баалар 75 сомдон жогору. Кардарлар гүлдөрдү каалаган көлөмдө сатып алуу мүмкүнчүлүгүнө ээ.

Фестивалдын негизги максаты – ата мекендик гүл өстүрүүчүлөрдү колдоо, ички рынокто жергиликтүү продукциянын үлүшүн көбөйтүү жана калкты сапаттуу, экологиялык жактан таза гүлдөр менен камсыз кылуу.
Иш-чаранын жүрүшүндө жоогазындын ар түрдүү сорттору сунушталып, өндүрүүчүлөр өз продукцияларын түздөн-түз керектөөчүлөргө тааныштырып жатышат. Ошондой эле адистер тарабынан кеңештер берилип, гүл өстүрүү боюнча тажрыйба алмашуу уюштурулууда.


