Кыргызстандын Сауд Аравиясындагы элчиси Улукбек Марипов Сауд Аравиядагы абал салыштырмалуу туруктуу экенин билдирди. Анын айтымында, элчилик жергиликтүү бийлик өкүлдөрү менен тыгыз байланышта иш алып барууда.
Элчи белгилегендей, кырдаал башталгандан тарта өлкө башчысы Садыр Жапаров, Министрлер кабинети жана Тышкы иштер министрлиги тарабынан тиешелүү тапшырмалар берилген.
«Учурда ыкчам тартипте Сауд Аравиясындагы ар бир жараныбыз менен иш жүргүзүп жатабыз. Бул жакта билим алып жаткан студенттер жана зыяратчылар менен туруктуу байланыштабыз. Умра сапарына келгендер үчүн атайын штаб түзүлдү. Муфтият, Дин иштери боюнча улуттук агенттик жана зыяратчыларды ташуу боюнча тандалып алынган умра компаниялары менен биргеликте координацияланган иштер жүрүп жатат», — деди ал.
Мындан тышкары, Бахрейндеги Кыргызстандын 35 жараны элчиликке кайрылганы маалымдалды. Элчинин айтымында, алар менен да үзгүлтүксүз байланыш камсыздалган жана абал курчуган учурда тиешелүү чаралар көрүлөт.
Ошондой эле ал коңшу өлкөлөрдө бир катар аэропорттор жабылганын, ал эми Сауд Аравиясында аба майдандары салыштырмалуу туруктуу иштеп жатканын кошумчалады. Ички каттамдарда көйгөй жок, бирок эл аралык каттамдарда айрым чектөөлөр бар — негизинен Сауд Аравиясынын авиакомпаниялары гана учууда, чет элдик бир катар авиакомпаниялар каттамдарын кыскарткан.


