Жогорку Нарын ГЭСтин каскады кайра жандандыруу каралууда

0
1851

Кыргызстан Жогорку Нарын ГЭС каскадын кайра жандандырууну пландоодо. Бул тууралуу Энергетика министрлиги маалымдады.

Маалыматка ылайык, министр Таалайбек Ибраев долбоорду ишке ашыруу үчүн инвестиция тартуу маселесин энергетикалык компаниялардын жетекчилери менен талкуулады. Жолугушууда каржылоо булактары, техникалык-экономикалык негиздеме жана мүмкүн болгон өнөктөштүк форматтары каралды.

Буга чейин Жогорку Нарын ГЭС каскадын Россиянын «Русгидро» компаниясы менен биргеликте куруу пландалган. Долбоор жалпы кубаттуулугу 238 мегаватт болгон төрт гидроэлектр станциясын камтып, анын болжолдуу баасы 727 миллион доллар деп эсептелген. Бирок ар кандай себептерден улам курулуш ишке ашпай калган.

Өткөн жылы россиялык компания долбоорго кайрадан кызыгуусун билдиргени айтылды. Министрлик учурда ГЭС каскадын жандандыруу өлкөнүн энергетикалык коопсуздугун чыңдоого жана электр энергиясын өндүрүү көлөмүн көбөйтүүгө өбөлгө түзөрүн белгилейт.

ПИКИР КАЛТЫРЫҢЫЗ

Сураныч, пикир жазыңыз!
Сураныч, бул жерге атыңызды киргизиңиз