Башкы беткеРубрикаларДүйнө жаңылыктарыРумынияда миңдеген жарандар каршылык акцияга чыгышты

Румынияда миңдеген жарандар каршылык акцияга чыгышты

Румыниянын борбору Бухарест шаарында миңдеген адамдар көчөгө чыгып, айлык маянаны жогорулатуу, салыкты азайтуу жана инфляцияны көзөмөлдөө талаптарын коюшту.

Акцияны Улуттук кесиптик бирликтер блогу уюштурган. Ал ондогон кесиптик федерацияларды бириктирет. Митинг өкмөттүн бюджеттик тартышты азайтуу чараларынын шартында өттү.

Нааразылыкка чыккандар өкмөт үйүнүн алдында чогулуп, андан соң Парламент сарайына чейин жүрүш жасашты. Алар колдоруна «Бизге татыктуу айлык керек», «Силерди куткаргандарды жазалабаңыздар» деген плакаттарды көтөрүп чыгышты.

Профсоюз өкүлдөрүнүн айтымында, учурдагы экономикалык саясат элдин жашоо деңгээлин төмөндөтүп, социалдык чыңалууну күчөтүүдө. Алар өкмөттөн эмгек акы саясатын кайра кароону жана жумушчулардын социалдык абалын жакшыртуу боюнча чараларды талап кылышууда.

Гезит

Не «проели», а вложили

          За каждой из этих историй стоят годы тяжелого труда вдали от дома и высокая цена разлуки. Традиция требовала от...

Рубрикалар

ПИКИР КАЛТЫРЫҢЫЗ

Сураныч, пикир жазыңыз!
Сураныч, бул жерге атыңызды киргизиңиз

Байланыштуу жаңылыктар