Башкы беткеСоциалдык2027-жылдан тартып пластикке чектөө кригизилет

2027-жылдан тартып пластикке чектөө кригизилет

Кыргызстанда 2027-жылдан баштап полиэтилен пакеттерин жана айрым пластик буюмдарды толук колдонууга тыюу салуу каралууда. Бул тууралуу Жаратылыш ресурстары министрлиги маалымдады.

Маалыматка ылайык, өлкөдө 2023-жылдан бери таштандыларды кайра иштетүү системасын өнүктүрүүгө жана айлана-чөйрөгө тийгизген зыянды азайтууга багытталган реформалар жүргүзүлүп келет.

Учурда пластикти колдонууга этап-этабы менен чектөө киргизүүнү караган эки негизги мыйзам кабыл алынган. Пилоттук долбоор Ысык-Көл облусунда башталып, калк арасында түшүндүрүү иштери жүргүзүлүүдө.

Адистер белгилегендей, өлкөдө таштандыларды сорттоо жана кайра иштетүү маданияты азырынча төмөн деңгээлде калууда. Өзгөчө пластикти өрттөө абанын булганышына алып келип, адамдын ден соолугуна терс таасирин тийгизет.

Ушуга байланыштуу адистер жарандарды экологиялык аң-сезимди жогорулатууга жана пластик буюмдарды колдонууну азайтууга чакырууда.

Гезит

Не «проели», а вложили

          За каждой из этих историй стоят годы тяжелого труда вдали от дома и высокая цена разлуки. Традиция требовала от...

Рубрикалар

ПИКИР КАЛТЫРЫҢЫЗ

Сураныч, пикир жазыңыз!
Сураныч, бул жерге атыңызды киргизиңиз

Байланыштуу жаңылыктар