Башкы беткеСаясат жана коомКоомАдылбек Касымалиев «Жайкы Давос-2025» экономикалык форумуна катышат

Адылбек Касымалиев «Жайкы Давос-2025» экономикалык форумуна катышат

Бүгүн, 23-июнда Министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев иш сапары менен Кытай Эл Республикасынын Тяньцзинь шаарына барат. Бул тууралуу өкмөттүн басма сөз кызматы билдирди. 

Маалыматка ылайык, өкмөт башчы «Жайкы Давос 2025» Дүйнөлүк экономикалык форумунун жылдык жыйынына катышат.

Форум «Жаңы доордогу ишкердик» деген ураан астында өткөрүлүп, ага дүйнөнүн 90дон ашуун өлкөнүн жана аймактарынан 2 миңге жакын катышуучу келет.

Иш сапарынын алкагында Адылбек Касымалиев Кытайдын Мамлекеттик кеңешинин жетекчилиги жана чет элдик делегациялардын башчылары менен бир катар эки тараптуу жолугушууларды өткөрөт.

Гезит

Не «проели», а вложили

          За каждой из этих историй стоят годы тяжелого труда вдали от дома и высокая цена разлуки. Традиция требовала от...

Рубрикалар

ПИКИР КАЛТЫРЫҢЫЗ

Сураныч, пикир жазыңыз!
Сураныч, бул жерге атыңызды киргизиңиз

Байланыштуу жаңылыктар