whatsapp: +996 501860089
call-squared
тел: +996 508 070 720
new-post
tuusu@mail.ru
marker--v1
Дарек: Бишкек шаары, Т.Абдумомунов көчөсү, 193
10.11.2025
3.1 C
Бишкек
Башкы беткеМаанилүүШайлоого катышуу укугу баарына бирдей

Шайлоого катышуу укугу баарына бирдей

«Азыркы шайлоо системасында, катышуу укугу бардыгына тең, бирдей жана эч кимден көз каранды эмес,» мындай пикирин Президенттик Администрациянын маалыматтык саясат бөлүмүнүн башчысы Дайырбек Орунбеков өзүнүн социалдык тармактардагы баракчасында билдирген. Ошондой эле, ал айрым саясатчылардын шайлоо боюнча көз караштарын өзгөртүү зарылчылыгын белгиледи.
«Адахан Мадумаровдун парламенттик шайлоо боюнча берген маегин көрүп калдым. Ал маегинде көп мандаттуу шайлоо системасын сынга алып, партиялык жол менен гана шайлоону жактап сүйлөптүр.
Мен дагы социалдык тармактардын активдүү колдонуучусу катары өз көз карашымды билдиргим келди. Бул жолку шайлоо системасында талапкерлер үчүн бирдей шарт түзүлдү. Ким шайлоого баргысы келсе, 300 миң сом күрөө коюп, элине чыгып, өз тагдырын шайлоодо сынай алат.
Мадумаров унута албай жаткан партиялык система кандай эле? Ал кезде талапкер адегенде партиянын тизмесине кирүүгө аргасыз болчу. Алдыңкы орундарга чыгыш үчүн партия лидерлерине ири суммада акча төлөнчү — 300 миң доллардан тартып 1 миллион долларга чейин. Башкача айтканда, талапкер шайлоочулардын добушун эмес, партиянын лидерин сатып алышчу. Партиялык жол менен шайлоого баруу – так ушул Адахан Мадумаров сыяктуу саясатчыларга пайдалуу болчу. Шайлоо сайын тизменин алдыңкы катарын сатып бизнес кылышкан. Алыс барбай эле, 5 жыл мурунку окуяны эске салгым келет. Адахан Мадумаров партиянын тизмесинде турган Турсунбай Бакир уулунан 200 миң доллар бер же ордуңду башка акчасы бар талапкерге бошотуп кой деп тизмеден чыгарып салганы далил.
“Бүтүн Кыргызстан” партиясынан алдыңкы тизмеде талапкер болгон, депутаттык мандат алган адамдарды карап көргүлөчү? Мурда партиянын катарында дагы болушкан эмес. Шайлоо учурунда гана кошулуп калган олигархтар. Ал эми партия жаралгандан бери Мадумаровдун катарында жүргөн жөнөкөй мүчөлөрүн шайлоо тизмесинен көрө алган жокпуз го? Бул фактылар көп нерсени айтып турат.
Андыктан, сын айтардан мурда артын бир кылчайып койсо. Мындан ары саясий соодагерлердин бизнес кылуусуна жол берилбейт. Азыркы шайлоо системасында, катышуу укугу бардыгына тең, бирдей жана эч кимден көз каранды эмес. Партиялык тизмеге киргизип, орундарды сатып акча жасаган доор артта калды.» деп жазган Дайырбек Орунбеков.

Screenshot
Screenshot
Screenshot

Гезит

Диана Талгарбек кызы: “Бүгүнкү кыргыз жаштары аракетчил, жаңы идеяларга бай, тил үйрөнүүгө шыктуу жана күчтүү”

Өткөн жумада Президент Садыр Жапаров өлкө ЖОЖдорунун 92 мыкты студентине президенттик стипендия тапшырды. К.И.Скрябин атындагы Кыргыз улуттук агрардык университетинде, инженердик техникалык факультетинин агроинженериядагы экономика...

Рубрикалар

ПИКИР КАЛТЫРЫҢЫЗ

Сураныч, пикир жазыңыз!
Сураныч, бул жерге атыңызды киргизиңиз

Байланыштуу жаңылыктар