Өткөн жылы Volkswagen концерни Кытай рыногуна 2,69 миллион автоунаа жеткирген. Бул көрсөткүч компаниянын дүйнө жүзү боюнча жалпы жеткирүүлөрүнүн болжол менен 30 пайызын түзөт. Бул тууралуу автоконцерндин расмий маалыматына таянып билдирилди.
Маалыматка ылайык, 2025-жылы Volkswagen Кытайда ички күйүүчү кыймылдаткычы (ДВС) бар 2,57 млн автоунааны саткан. Ошондой эле жаңы муундагы электромобилдерди жана интеллектуалдык туташкан унааларды жеткирген. Алардын катарына Audi Q6L e-tron жана AUDI E5 Sportback моделдери кирет.
Volkswagen Group China компаниясынын маалыматы боюнча, өткөн жылы корпорация экспорттук стратегиясын ийгиликтүү ишке ашырып, Жакынкы Чыгыш рыногуна продукциянын алгачкы партиясын жөнөткөн.
Компания мындан ары экспорттук ишмердүүлүгүн АСЕАН өлкөлөрүнө, Жакынкы Чыгышка, Борбор Азияга, Латын Америкасына жана Африкага кеңейтүүнү пландап жатат.
Ал эми 2026-жылы Volkswagen Group China Кытай рыногунда 20дан ашуун жаңы моделди — толук электр унааларын, плагин-гибриддерди жана жүрүү аралыгы узартылган электромобилдерди сунуштамакчы. Бул автоунаалар унааны башкарууга көмөктөшкөн заманбап системалар менен жабдылат.


