Эсилим, эгер кайра жаралсаң,
биздин элде, биздин жерде туула көр!
(Байыркы кыргыз жазууларынан)
Жылкы жылынын башында изги кеп козголду. Мамлекеттик катчы Арслан Койчиев февралда чыгармачыл интеллигенциянын улуттук форумун өткөрүүнү демилгеледи. Ал өз оюн Фейсбукка жазып, “канткенде XXI кылымдын Айтматовдорун, Океевдерин, Миңжылкиевдерин, Бейшеналиеваларын, Чокморовдорун кантип чыгарабыз” деген маселенин тегерегинде акыл калчоону эл-журтка сунуштады. Бир талкуу менен бүтпөй турган ары татаал, ары оор иш, бирок керек иш, келечектин маселеси. Форумга чейин эле социалдык желеде кызуу талкуу башталды көрүнөт. Мунусу дурус. Форумда да бул идея боюнча далай ойлор айтылаар. Арийне, форумду утурлай айрым нерселерди белгилеп алалы.
Эн башкысы, фундаментал жагдайларды эске алганыбыз туура болмокчу.
Биринчиден, муундар ортосунда түшүнбөстүк алмустактан бери келе жаткан универсал көрүнүш. “Азыркы жаштар такыр башка. Биздин убакта мындай элек. Эмкилер андай эмес” — деп улуу муун кийинкилерге ар дайым сын тагат, нааразы болуп, күңкүл кепти көп айтат. Маселе жалаң жаштарда эмес. Маселе алар өскөн чөйрөнү жараткан улуу муунда. Жаштарга жетиштүү тарбия бере албаган улуулар кандай муунду калыптандырып жатканын ойлонууга тийиш. Дегеле улуулар келечек муунду калыптандырып, тарбиялап, өстүрүп жатабы, же жаштарда баалуулуктар калыптанып жаткан процесстен тыш калдыбы? Берген тарбиясы, көрсөткөн өрнөгү, үйрөткөн үлгүсү жаштарга сиңимдүүбү, кеби жугумдуубу же акыл-насааты текке кеттиби? Демек жаш муундар өсүп жаткан ар бир доордун мүнөзүн калыптандырган улуу муундун өзүндө кеп бар. Биз эркиндикти, мамлекеттик суверенитетти жана көз карандысыздыкты калыбына келтирген 30 жылдан ашык мезгил ичинде жаштарыбыздын көбүнө ырыстуу тарбия, жетиштүү билим бере албаптырбыз. Туура, акылдуу, билимдүү, таланттуу, өнөрлүү жаштарыбыз аз эмес. Арийне биз көптөгөн жаштардын таланты ачылгыдай, терең билим алгыдай шарт түзө албай келгенибиз жалган эмес. Дал ошондуктан Президент Садыр Жапаровдун алгачкы жарлыктары нарк-насил, адеп-ахлакка байланыштуу болду. “Улут деми. Дүйнөлүк бийиктик” уңгужол аталган идеологиялык доктрина да татыктуу муун өстүрүүгө арналды. Ошондуктан өлкө билим берүү системасын түп-тамырынан бери өзгөртүп, атаандаштыкка жөндөмдүү муунду калыптандырууга жарактуу системасын курууга киришти.
Экинчиден, жаштардын коомдогу аткарган функциялары бар. Ымыркайдын башаламан кыймылы кийин кадыресе функцияга айланган сыяктуу эле, жаштардын азыркы аракеттери, изденүүлөрү, жүрүм-турумдары эртеӊ эле ырааттуу баалуулуктарга, аныктоочу мааниге ээ болот. Жаштардын эӊ негизги функцияларынын бири – бул генеративдик озуйпасы, башкача айтканда, жаратмандык функциясы. Дүйнөдөгү эӊ ири, адамзат өнүгүгүшүнө таасири эбегейсиз илимий ачылыштардын, адабиятта жана искусстводогу орошон чыгармалардын 70% 20 менен 40 ортосундагы инсандар жаратканын англиядык окумуштуулар эринбей эсептеп чыккан. Бул дүйнөлүк мисал.
Бизде да жаратмандыктын, кашкөйлүктүн эң сонун мисалдары бар. Эч ким эч качан эч бир улутка эркиндикти, көз карандысыздык менен мамлекеттүүлүктү тартуулабасы бышык. Мамлекеттүүлүк менен эркиндик кыргыздардын умтулган улуттук идеясы, узак тарыхый жолундагы пассионардык мотивациясы болгон. Өз алдынча, эркин мамлекет, азат журт – бул кыргыз элинин акыл-оюн бийлеп келген умтулуу, руханий маданиятынын өзөктүү темаларынын бири, элдин тагдырын аныктаган негизги фактор. Ар бир муун акыл дараметине, жөндөмүнө, тарыхый контекстке жараша, түрдүү формада жана мазмунда ошол кымбат озуйпаны, улуттук түп максатты орундатууга күч үрөгөн. Арийне, баарынын эле колунан келе берген эмес, кай бирлерине тарыхый кырдаал мүмкүнчүлүк бербептир. 20-кылымдын башында, жаңы доордо жаңы форматта кыргыз мамлекетин калыбына келтирген, азыркы Кыргыз мамлекетин түптөгөн аталар 20 менен 40 жаштын тегерегиндеги жаштар болгону анык. Кайран аталарыбыз XX кылымдын башында, жаңы доордо жаңы кыргыз мамлекетин жаңы формада түптөдү. Алардын башы кетти, өмүрү текке кеткен жок. Жаралган мүмкүнчүлүктү колдон чыгарбады. Алар тарыхый миссиясын толук актады. XXI кылымда адабиятта, көркөм өнөрдө Айтматовдор менен Чокморовдор жаралса, саясатта Абдрахмановдор менен Сыдыковдор жаралышы керек. Куш төрөсү буудайык. Кыргыз элинин табияттын асылы жана улуттук элита тууралуу философемасы ушундай. Элдик накылды философема бойдон калбай, улуттук стратегияга айлантуу зарыл. Чыныгы элитаны өстүрүүгө тийишпиз. Бул тарыхый муктаждык.
Ушул жерден үчүнчү маселе чыгат. Жаштарга таандык жаратмандык функциядан тышкары, ар бир муундун өзүнүн миссиясы болот. Биздин жаштардын алдында Президент Садыр Жапаров айткан Жаңы Кыргызстанды куруу ишин аяктоо озуйпасы турат. Бул жаштардын өткөнгө шылтаганга, келечекке оодара салганга акысы жок, ошолор гана аткарууга тийиш миссия.
Төртүнчүдөн, ар бир адам табият энчилеген талантын ача алгыдай, шыгын, жөндөмүн ишке ашыргыдай шарт түзүүгө багытталган комплекстүү мамлекеттик программалар, андан да ошол жакшы кагаз жүзүндө калбоого тийиш. Таланттарды табуу, аларды таптоо ишинде мамлекеттик камкордук зарыл нерсе. Буга тарыхый мисалдар арбын, башка өлкөлөрдүн тажэрыйбасы андан бетер жетиштүү. Тээ орто кылымдардагы Ренессансты же окумуштуу Адам Мец Мусулман ренессансы деп атаган орошон доорду тим коелу, бу кыргыз керемети доорунда Кыргызстандын биринчи жетекчиси Турдакун Усубалиев ошондой таланттарды байкап, аларга кадимкидей аталык камкордук көргөн. Болот Миңжылкыевдин өзүнүн тээ 90-жылдардагы бир мааракесинде республиканынг башчысы Усубалиев ага күнүгө байланышып, маал-маалы менен кабыл алып, ахыбалын сурап, шыктандырып турганын эскергени бар. Түркүн түйшүкко жык толгон “плотный графиктен” өнөр адамдары үчүн убакыт тапчы экен, кайран киши.
Бешинчиден, Мамкатчы Арслан Койчиев XXI кылымдын Айтматовдорун, Океевдерин, Миңжылкиевдерин, Бейшеналиеваларын, Чокморовдорун чыгаруу тууралуу тезиси бери дегенде бир кезде дүйнөнү тангалдырган кыргыз кереметин кайталоо, ары дегенде кыргыз Ренессансын жүзөгө ашырууну туюнтат. Мүмкүнбү кыргыз ренессансы. Албетте, мүмкүн. Тарыхый муктаждык жетиштүү, коомдук суроо-талап бар. Кыргызстандын эли улуу цивилизациялардын мураскери. Биз дүйнөлүк цивилизацияга салым кошкон элбиз. Биз дүйнөлүк масштабдагы көркөм дөөлөттөрдү жаратууга жарактуу журтпуз, илимий-технологиялык жаңылыктарды киргизүүгө кудуреттүү өлкөбүз.
Алтынчыдан, биздин жаштар кандай максаттарга умтулат. кай дөөлөттөрдү барктайт, кандай нравалык принциптерди туу тутат, эмнени чанат, нени кадырлайт, кыйратары не, жаратса эмнени жаратат деген сымал талылуу маселелер бизди түйшөлтөт. Түйшөлтүүгө тийиш. “Идет племя младое, незнакомое” деп Александр Пушкин таасын айткандай, Z-муундун түрпөтүн дурус билген киши аз, бирок дүбүртү катуу. Ушул тапта Z-муун дүйнөнүн булуң-бурчунда ар кайсы өлкөнү солкулдатып жибергенин көрдүк го. Биздикилердин дабышы угулбайт, карааны анча билинбейт. Алеки саатта дүрт деп чыга калышы да ыктымал. Биз алар нааразы болуп бет мандайыбызга келгенде калдастап калбаш үчүн алардын кызыкчылыктарын, умтулган мүдөөлөрүн, кыял-жоругун, кыйнаган проблемаларын жакшы билишибиз кажет. Бирок ушул маселелерди дурус билбейбиз, атаганат. Социологиялык, политологиялык, культурологиялык жана башка өңүттөрдөн карап, терең жана комплекстүү изилдөөлөр деле байкалбайт. Балким бардыр, анда ак чөп башта. Непадам жок болсо, анда изилдеш керек. Z-муундан кийинкиси андан бетер табышмак. Ал да биздин акыл түйшүктүн предмети болмогу абзел.
Жетинчиден, биздин келечек муундардын жашоо максаттарын алар туш болгон реалдуулук, жашоо шарты, турмуш аныктайт. “Уядан эмнени көрсө, учканда ошону алат” дейт байыркы кыргыз. Демек биз жаштарыбызда бийик жашоо стандарттарын, кенен, алыс ойлонуу масштабын жана күчөмөгү анык атаандаштыкка жөндөмүн калыптандырууга тийишпиз. Андан дагы жаштарыбызды силер элдин таалайына жаралгансыңар деген дем, намыска сен жарайсың деген сүрөөн абдан керек.
Алмаз Кулматов



Эн маанилуу сонун идея, колдошубуз керек жана колдойбуз
Абдан маанилүү жана өз убагындагы маселе көтөрүлүптүр. XXI кылымдын Айтматовдорун же Чокморовдорун “жөн эле пайда болсун” деп күтүү жетишсиз, алар өсүп чыга турган чөйрөнү, системаны, руханий жана интеллектуалдык климатты түзүү башкы шарт экенине кошулам. Жаштардын маселесин жаштардан эле көрбөй, муундар аралык жоопкерчилик катары кароо туура багыт. Талантты табуу, таптоо жана коргоо мамлекеттик деңгээлде ырааттуу саясатка айланмайын, кыргыз ренессансы идея бойдон калуу коркунучу бар. Ошондуктан мындай форумдар формалдуулук эмес, реалдуу чечимдерге жол ачкан аянтча болушу абзел. Келечек муун келечек мамлекет.
Бул макала бүгүнкү күндүн эң оор, бирок эң зарыл суроолорунун бирин так коюп жатат. XXI кылымдын Айтматовдорун, Чокморовдорун же Миңжылкыевдерин күтүү бул жеке талантка гана үмүт артуу эмес, бүтүндөй коомдун, мамлекеттин жана муундардын жоопкерчилигин талап кылган маселе экени абдан туура белгиленген. Талант эч качан вакуумда жаралбайт. Ал тарбиядан, чөйрөдөн, баалуулуктардан, билим берүү системасынан жана руханий климаттан өсүп чыгат.
Жаштар менен улуу муундун ортосундагы түшүнбөстүк ар бир доордо болгон, бирок бүгүн ал мурдагыдан да терең сезилүүдө. Бул жерде күнөөнү жаштарга гана оодара салуу эң жеңил, бирок эң туура эмес жол. Чындыгында, бүгүнкү жаштарды калыптандырган шартты түзгөн улуу муун. Демек, маселени чечүү да дал ушул муундар аралык жоопкерчиликти моюнга алуудан башталышы керек. Жаштарга акыл үйрөтүү эмес, үлгү көрсөтүү, ишеним арттыруу жана мүмкүнчүлүк берүү маанилүү.
Макалада баса белгиленгендей, жаштардын негизги функцияларынын бири жаратмандык. Дүйнөлүк тажрыйба да, кыргыз тарыхы да улуу идеялар менен чоң өзгөрүүлөрдүн көбү дал жаш куракта жаралганын далилдейт. Кыргыз мамлекеттүүлүгүнүн түптөлүшүндө, улуттук рухтун сакталуусунда жана өнүгүшүндө жаш муундун ролу ар дайым чечүүчү болгон. Демек, бүгүнкү жаштардын алдында да тарыхый миссия турат Жаңы Кыргызстанды куруу. Бул миссиядан качууга да, аны кийинкилерге калтырууга да болбойт.
Ошол эле учурда таланттарды табуу жана таптоо маселеси сөз жүзүндө эмес, иш жүзүндө чечилиши зарыл. Мамлекеттик программалар кагаз бетинде кооз көрүнгөнү менен, алар чыныгы талантка жетпесе, реалдуу колдоо болбосо, максатына жетпейт. Тарыхта жетекчилердин чыгармачыл инсандарга көрсөткөн жеке камкордугу, ишеним артуусу канчалык маанилүү болгонун мисалдар далилдеп турат. Демек, бүгүн да маданиятта, илимде, билим берүүдө жана технологияда өзгөчөлөнгөн жаштарды таап, аларга шарт түзүү стратегиялык милдет болушу керек.
Z-муун тууралуу айтылган ой да өзгөчө маанилүү. Биз бул муунду жетиштүү изилдей элекпиз, алардын ички дүйнөсүн, баалуулуктарын, коркунучтарын жана үмүттөрүн толук түшүнө элекпиз. Ал эми түшүнбөгөн муун менен тил табышуу кыйын. Ошондуктан жаштардын үнүн угуу, алар менен диалог жүргүзүү, алардын реалдуулугун кабыл алуу келечектеги социалдык туруктуулуктун негизги шарттарынын бири.
Жыйынтыгында, кыргыз ренессансы бул кооз ураан эмес, тарыхый муктаждык. Ал жаштарга болгон ишенимден, сапаттуу билимден, адилеттүү мүмкүнчүлүктөрдөн жана улуттук руханий өзөктү сактаган заманбап ой жүгүртүүдөн башталат. Эгер биз чыныгы элитаны өстүрүүнү максат кылсак, анда бүгүнтөн тарта жаш муундун ар бирине “сен жарайсың, сенин ордуң бар” деген ишенимди сөз менен эмес, иш менен далилдөөгө тийишпиз.
Айтматов сыяктуу инсандар коом түзгөн чөйрөдөн чыгат. Жаштарга мүмкүнчүлүк керек.
Бул макала өтө маанилүү маселени көтөрөт. Жаштарды күнөөлөө оңой, бирок чыныгы маселе — аларга түзүлгөн шартта, билим берүүдө, коомдук чөйрөдө. Айтматов сыяктуу инсандар өзүнөн өзү жаралбайт, аларды ой жүгүртүүгө, изденүүгө түрткөн эркин жана адилеттүү чөйрө керек. Ушул жагынан караганда, мындай талкуулар абдан зарыл.
Речь не о том, «где взять новых Айтматовых», а о том, какую среду мы создаём для молодых сегодня. Без системной работы с образованием, культурой и ценностями никакие форумы не помогут. В этом и суть проблемы.
Көтерүлгөн маселе абдан маанилүү. XXI кылымдын улуу инсандары кокусунан жаралбайт алар үчүн чөйрө, тарбия жана системалуу колдоо керек. Жаштарга ишеним артып, талантты убагында таап, шарт түзө алсак, келечек муундун мүмкүнчүлүгү ачылат.
Речь не о том, «где взять новых Айтматовых», а о том, какую среду мы создаём для молодых сегодня Без системной работы с образованием, культурой и ценностями никакие форумы не помогут В этом и суть проблемы
Жаштарды сындап эмес, укканда гана өнүгүү болот. Бизге даяр жол эмес, өз жолубузду табууга мүмкүнчүлүк керек. Эгер коом жаш муунга ишенсе, кыргыз ренессансы сөз жүзүндө эмес, иш жүзүндө жаралат.
Кыргыз ренессансы: муктаждык жана реалдуулук
Бүгүнкү глобалдашуу доорунда ар бир улут өзүнүн маданий өзөгүн сактап калуу менен бирге заман талабына жооп берүүгө тийиш. Ушул өңүттөн алганда кыргыз коому үчүн “ренессанс”, башкача айтканда улуттук кайра жаралуу маселеси өзгөчө актуалдуу болуп турат. Бул процесс коомдук өнүгүүнүн муктаждыгы катары пайда болуп, ошол эле учурда аны ишке ашырууда бир катар реалдуу тоскоолдуктар бар.
Кыргыз элинин тарыхый мурасы өтө бай. Байыркы түрк жазуулары, “Манас” эпосу, салт-санаа жана оозеки чыгармачылык улуттук аң-сезимдин калыптанышына зор таасир тийгизген. Бирок азыркы шартта бул мурастар көбүнчө символикалык деңгээлде гана колдонулуп, жаш муундун дүйнөтаанымына терең сиңбей калууда.
Улуттук ренессанс эң оболу билим берүү тармагынан башталышы керек. Анткени билим — коомдун интеллектуалдык жана руханий потенциалын аныктаган негизги фактор. Кыргыз тилинде сапаттуу билим берүү, улуттук тарыхты илимий негизде окутуу жана сынчыл ой жүгүртүүнү өнүктүрүү — кайра жаралуу процессинин өзөгү болуп саналат.
Ошол эле учурда реалдуулукка көз жумууга болбойт. Экономикалык кыйынчылыктар, жаштардын массалык миграциясы, маалыматтык мейкиндиктеги чет элдик таасирлер улуттук өнүгүүгө терс таасирин тийгизүүдө. Бул шартта кыргыз ренессансы өзүнөн-өзү ишке ашпастан, максаттуу жана системалуу аракеттерди талап кылат.
Жыйынтыктап айтканда, кыргыз ренессансы — бул өткөнгө кайрылуу гана эмес, улуттук баалуулуктарга таянган заманбап өнүгүү жолу. Ал коомдун бардык катмарларынын активдүү катышуусу аркылуу гана ишке ашат. Улуттук аң-сезимдин ойгонушу менен гана кыргыз коомунун туруктуу келечегин камсыз кылууга болот.
Макала келечек муун тууралуу олуттуу ойго салат. Жаштарды күнөөлөгөндөн көрө, аларга кандай шарт түзүп жатканыбызды ойлонушубуз керек. Талант өзүнөн-өзү ачылбайт, аны көрүп, колдоп, ишеним артканда гана өсөт. Кыргыз ренессансы мүмкүн — эгер жаштарга ишенип, жол ачып берсек.
Жаштарды күнөөлөгөндөн көрө, аларга кандай шарт түзүп жатканыбызды ойлонушубуз керек. Талант өзүнөн-өзү ачылбайт, аны көрүп, колдоп, ишеним артканда гана өсөт. Кыргыз ренессансы мүмкүн — эгер жаштарга ишенип, жол ачып берсек.
Жаштар — коомдун келечеги гана эмес, бүгүнкү өнүгүүсүнүн негизги кыймылдаткычы. Автор туура белгилегендей, жаратмандык потенциал көбүнчө жаш куракта ачылат. Демек, мамлекет да, коом да жаштарга ишенип, аларга мүмкүнчүлүк бериши зарыл. Болбосо биз эртең кайдан жаңы Айтматовдор чыгат деп суроо беребиз.
Маселе жаштарда гана эмес — маселе чөйрөдө, мүмкүнчүлүктө жана улуу муундун миссиясын канчалык аткарганында. Жаштарды өзгөртөлү дебей, шартты өзгөртөлү. Анда муун өзү эле өзгөрөт.
Тексттин негизги ою, келечек муунду өстүрүү, мамлекеттин башкы милдети экени жөнүндө. Жаңы Айтматовдор шарт түзүлсө гана чыгат. Жаштар- жаратман күч, ал эми аларды туура багыттоо улуу муундун жоопкерчилиги.
Бул нерсе азыркы учурдун эң орчундуу маселеси деп айтууга да болот жана терең ой жүгүртүүгө туура келет. Негизинен «күнөө жаштарда эмес- чөйрөдө» деп дагы айта кетсек жаңылышпасак керек, манилүү нерсе бул учурда муундар арасындагы түшүнбөстүктөр дагы болушу мүмкүн өнүккөн заманда азыркы жаштар терең ой жүгүртүү жана китеп окуунун ордуна көбүнө эсеси смартфон менен ар кандай тармактагы керектүү жана мааниси жок эле тартылып элге тарап жаткан видеолор болсо керек. Ушулар себептүү жаштар өзүндө бар талантын ачпастан азгырылуу менен калып жатат деген ойдомун. Айтматовдой, Чокморовтой адамдарды чыгаруу үчүн бизге талыкпас эмгек жана көбүрөөк китеп окуп, окуп жаткан окуусуна кызыгуу жана ар ким өз каалосундагы кызыгуусуна көнүл буруп, ал эми чоңдор ошол нерсеге колдоо көргөзүп, алып кетип бара жаткан талантты баалап кароо кажет деп ойлоймун.