Кыргызстандын тышкы иштер министринин орун басары Медер Абакиров Америка Кошмо Штаттарынын Кыргызстандагы элчиси Лесли Вигери менен жолугушуу өткөрдү. Бул тууралуу Тышкы иштер министрлигинен билдиришти.
Жолугушуунун жүрүшүндө тараптар кыргыз-америкалык кызматташтыктын актуалдуу маселелери боюнча пикир алмашып, эки тараптуу мамилелерди мындан ары өнүктүрүүнүн мүмкүнчүлүктөрүн талкуулашты.
Ошондой эле 2026-жылдын 4–5-февралында Бишкек шаарында өтө турган «В5+1» форумуна даярдык көрүү маселелери каралды. Иш-чаранын уюштуруучулук жана мазмундук аспектилери, мындан тышкары Борбор Азия өлкөлөрү менен АКШнын ортосунда регионалдык диалогду чыңдоодогу жана кызматташтыкты кеңейтүүдөгү ролу белгиленди.
Жолугушууда АКШнын Кыргызстандын жарандарына B-1/B-2 категориясындагы визаларды берүүдө кошумча талаптарды киргизүүсү өзүнчө талкууланды. Кыргыз тарап бул талаптарга байланыштуу тынчсыздануусун билдирип, эки өлкөнүн жарандарынын өз ара сапарларын жеңилдетүү зарылдыгын баса белгиледи.
Мындан тышкары, кошумча визалык талаптар ишкерлердин ортосундагы байланыштарды өнүктүрүүгө жана соода-экономикалык кызматташтыкты тереңдетүүгө тоскоолдук жаратышы мүмкүн экени айтылды.
Өз кезегинде, АКШнын элчиси Лесли Вигери кошумча талаптар белгилүү бир өлкөгө карата эмес, АКШнын жалпы миграциялык саясатынын жана визалык мыйзамдарды сактоо зарылдыгынын алкагында киргизилгенин белгиледи.
Жолугушуунун жыйынтыгында тараптар визалык чөйрөдөгү учурдагы маселелерди жөнгө салууга багытталган өз ара кабыл алына турган чечимдерди табуу үчүн тыгыз кызматташууга макулдашты.

