Жалпы орто билим берүү системасы 12 жылдык деп айтылганы менен мурдагыдай эле убакытта окутулат, окуучулар узакка окуп калат деп түшүнбөшүбүз керек. Мындай пикирин Кыргызстандын Эмгек баатыры, Эмгек сиңирген мугалим, атактуу Ноокат билимканасынын негиздөөчүсү Өмүрзак Мамаюсупов “Кабар” маалымат агенттигине билдирген.
Мугалимдин айтымында, 12 жылдык билим берүү дүйнөлүк стандарттарга туура келип, биздин мектеп бүтүрүүчүлөрүбүздүн чет өлкөлөрдөгү окуу жайларга тапшыруу мүмкүнчүлүгүн кеңейтет.
“Мектептерге 12 жылдык программаны киргизип, Кыргызстан кесипкөйлүк менен евро стандарттагы билим берсек, биздин окуйм деген балдар барган жеринен түз кабыл алынат. Бул бүгүнкү күндүн талабы, билим берүүгө күйгөн адамдар биз бардыгын түшүнүп турабыз. Бул муктаждыктан келип чыккан оор процесс болууда. Туура кабыл алышыбыз зарыл, туура кабыл алгысы келбегендер балким бул маселенин маңызына чейин түшүнгүсү келбейт. Мисалы, табигый илимдер боюнча предметтерде эч кандай өзгөрүү болбойт. Бирок керектүү нерселери көп, жогорку класстын окуучулары келечектеги кесибине карата багыт тандоо мүмкүнчүлүктөрү жаралат.
12 жылдык билим берүүдө деле башталгыч класстарда баштапкы билим берилет, 7-8-9 негизги жалпы билим берүү, 10-11-12 класс орто жалпы билим берүү болуп бөлүнөт да атайын багыттар менен кетет. Мисалы, табигый илиимдер багыты, коомдук илимдер багыты же кесиптик багыт”, — деди Өмүрзак Мамаюсупов.
Ал дүйнөлүк практикадан белгилүү болгондой, турмушта керектүү кесиптик багыттарды окуучуларга мектеп программасында эле беришибиз керектигин кошумчалап, учурда IT тармагына кызыккан балдар көп экендигин айтты.