whatsapp: +996 550 240 914
call-squared
тел: +996 508 070 720
new-post
tuusu@mail.ru
marker--v1
Дарек: Бишкек шаары, Т.Абдумомунов көчөсү, 193
26.03.2025
2 C
Бишкек
Башкы беткеРубрикаларБилим берүүБилим берүү жаатында Кыргызстан менен Вьетнам кызматташат

Билим берүү жаатында Кыргызстан менен Вьетнам кызматташат

Кыргызстан менен Вьетнам билим берүү тармагында кызматташат. Бул тууралуу Билим берүү жана илим министрлигинен билдиришти.

Тиешелүү документке министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиевдин 6-7-марттагы Вьетнам Социалисттик Республикасына болгон расмий сапарынын алкагында кол коюлду.

Эки өлкөнүн билим берүү жаатында кызматташтыгы жөнүндө макулдашууга КР билим берүү министри Догдуркүл Кендирбаева жана Вьетнамдын билим берүү жана кадрларды даярдоо министри Нгуен Ким Шон кол коюшту.

Документте студенттердин академиялык алмашуусу, биргелешкен билим берүү жана илимий иш-чараларды өткөрүү, эки өлкөнүн ЖОЖдорунун кызматташтыгы каралган.

Маалыматка ылайык, келишимди ишке ашыруу эл аралык билим берүү байланыштарын бекемдейт, академиялык мобилдүүлүктү жогорулатат жана студенттер менен окутуучулар үчүн жаңы мүмкүнчүлүктөрдү түзөт.

Гезит

Рубрикалар

ПИКИР КАЛТЫРЫҢЫЗ

Сураныч, пикир жазыңыз!
Сураныч, бул жерге атыңызды киргизиңиз

Байланыштуу жаңылыктар