Башкы беткеРубрикаларЭкономикаАлюминийдин баасы дагы көтөрүлдү

Алюминийдин баасы дагы көтөрүлдү

Дүйнөлүк базарда алюминийдин баасы 2022-жылдын апрелинен берки эң жогорку көрсөткүчкө жетти.

Маалыматка ылайык, алюминийдин баасы 2,8%га өсүп, тоннасы 3 544 долларга жетти. Акыркы бир жуманын ичинде металлдын баасы дээрлик 10%га жогорулап, акыркы үч жылдагы рекорддук өсүштү көрсөттү.

Эксперттер мындай өсүштү дүйнөлүк алюминий өндүрүшүнүн болжол менен 9%ын камсыз кылган Жакынкы Чыгыштагы жеткирүүлөрдүн үзгүлтүккө учурашы менен түшүндүрүшүүдө.

Аймактагы куралдуу кагылышуулардан улам Катар жана Бахрейн өлкөлөрүндөгү эки ири алюминий заводу өндүрүштөн чыккан продукцияны жеткирүүнү убактылуу токтотууга аргасыз болушкан.

Аналитиктердин алдын ала божомолдору боюнча, мындай кырдаал дүйнөлүк рынокто алюминийдин керектүү көлөмдө жеткирилишине тоскоол болуп, баалардын дагы өсүшүнө алып келиши мүмкүн.

Гезит

Мукай Элебаев Күндөлүктөн чыккан үн

Убакыт сынаган өмүр жана доор     Быйыл кыргыз жазуучусу Мукай Элебаевдин туулганына 120 жыл толот. Бүгүн ал биз менен түз сүйлөшө албайт, бирок анын ой-пикирлери,...

Рубрикалар

ПИКИР КАЛТЫРЫҢЫЗ

Сураныч, пикир жазыңыз!
Сураныч, бул жерге атыңызды киргизиңиз

Байланыштуу жаңылыктар