whatsapp: +996 550 240 914
call-squared
тел: +996 508 070 720
new-post
tuusu@mail.ru
marker--v1
Дарек: Бишкек шаары, Т.Абдумомунов көчөсү, 193
23.04.2025
19.7 C
Бишкек
Башкы беткеМаанилүүКыргыз-кытай достук көпүрөсүн куруу боюнча келишим ратификацияланды

Кыргыз-кытай достук көпүрөсүн куруу боюнча келишим ратификацияланды

Президент Садыр Жапаров “2024-жылдын 26-сентябрында Пекин шаарында кол коюлган КР Министрлер Кабинети менен Кытай Эл Республикасынын өкмөтүнүн ортосундагы Кыргыз-кытай достугунун көпүрөсүн куруу жөнүндө макулдашууну ратификациялоо тууралуу” КР мыйзамына кол койду.

Мыйзам 2025-жылдын 12-февралында Жогорку Кеңеш тарабынан кабыл алынган.

Жогоруда белгиленген макулдашуу менен Ош облусунун Алай районундагы Ош – Сары-Таш – Эркештам автожолунда жайгашкан «Эркечтам» чек ара пунктунда узундугу 187 метр болгон көпүрө куруу каралган. Көпүрөнү кытай тарап курат, курулуш аяктагандан кийин Кыргызстандын аймагында аткарылган бардык иштер кыргыз тарапка өткөрүлүп берилет.

Макулдашууну ратификациялоо Кытай менен Кыргызстандын ортосундагы соода-экономикалык мамилелерди өнүктүрүү, эки өлкөнүн ортосундагы жүргүнчүлөрдү жана жүктөрдү ташууга болгон суроо-талапты канааттандыруу, ошондой эле теңдик принциптеринин жана макулдашылган консультациялардын негизинде достук кызматташтыкты жана алмашууларды чыңдоо үчүн шарттарды түзөт.

Гезит

Рубрикалар

ПИКИР КАЛТЫРЫҢЫЗ

Сураныч, пикир жазыңыз!
Сураныч, бул жерге атыңызды киргизиңиз

Байланыштуу жаңылыктар