Социалдык түйүндөрдө ферула же карапайым элдин тилинде сасык чайыр аталган өсүмдүктүн ширеси кирешелүү болуп жатканы тууралуу маалыматтар кеңири тарап жатат. Ферула деген өзү эмне, анын кирешелүүлүгү канчалык экени тууралуу Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигинин Аймактар жана жаратылыш ресурстары менен иштөө башкармалыгынын башкы адиси Нурдин Давлетов менен маектештик.
– Элде ферула деген өсүмдүк жөнүндө маалымат дээрлик жок. Бул эмне болгон өсүмдүк?
– 2024-жылдын 9-сентябрында Министрлер Кабинетинин феруланын (сасык чайыр) жапайы түрүнөн айыл чарба өсүмдүгү катарына өткөрүү боюнча тескемеси чыкты. Ага ылайык, сасык чайыр учурда айыл чарба өсүмдүгү катары катталды. Учурда аны изилдөө иштери жүрүп жатат. Ал эми сасык чайырдын канча түрү бар экендиги жөнүндө так маалымат жок.
– Аны дыйкандар эксе, канча жылдан кийин түшүм берет?
– Феруланын жапайы түрүнүн тамырынан 5 жылдан кийин чайырын алса болот экен. Агроном катары изилдеп жатам, эгерде аны жакшы жерге эксе, 4 жылда түшүмүн берип башташы мүмкүн. Сасык чайырды билген адамдардын айтымында, жаман жерде өскөн чайыр 7 жылда урук берет. Ал эми жакшы шартта өскөн чайыр 5 жылдан кийин урук берет экен.
Өзү кызылчанын тамырындай болот. Тамырын жука кессе ширеси чыгат, ошону чогултуп алышат. Кээ бир билбеген жарандар жапайы чайырдын тамырын казып алып, үйдөн ширесин чогултуп жатышат. Бул туура эмес, тамырды жерден чыгарбастан ширесин алуу керек. Бир тамыр орто эсеп менен 50-150 грамм шире берет.
– Айталы, 1 гектар жерден орто эсеп менен канча түшүм алып, канча киреше тапса болот?
– Сасык чайырды анализдеп көрсөк, 1 айдан 3 айга чейинки аралыкта уругунан чыгат экен. Биз дыйкандарга аны күздө себүүнү сунуштап жатабыз. Анткени, күздө жер ным болуп, кышкысын жатып, жазда чыгат. Ал эми жазында сепсе, жер тез кургап кетип, анын чыгышы татаалданышы мүмкүн. Ал эми ширесинин баасы килограммы 20-30 доллардан болуп жатат. Орто эсеп менен алганда 1 гектар жерден 200 миң доллар киреше тапса болот.
– Өлкөнүн бардык эле аймагында өстүрсө болобу?
– Ооба, феруланы өлкөнүн бардык аймагында өстүрсө болот. Болгону тескейге эмес, күңгөйгө себүү зарыл. Анткени, бул ысыкты жакшы көрөт экен. Жакшы жери сууну көп талап кылбайт, март айында жерден жаңы чыкканда бир жолу сугарып коюп, андан кийин көп убакыттан кийин сугарса деле болот. Мен Баткенге барып көрүп келдим, сасык чайыр чөп өспөгөн, мал баспаган жерлерде деле өсө берет экен.
– Сасык чайыр медицинада колдонулат экен. Анын кандай дарылык касиети бар?
– Кыргызстанда аны дарылык катары жапырт колдонгондор азыр жок. Бирок, Баткенден “Кырк касиет” деген дары чыгат. Анын курамын ар кандай дары чөптөр жана сасык чайыр түзөт. Ал көптөгөн ооруларга шыпаа болот экен. Аны мен жеке өзүм ичип көрүп, дарылык касиетин сезип жатам. Жөтөл, боор оору, ашказан оорулары жана башка көптөгөн ооруларды айыктырат экен.
Сасык чайырды баңгизат катары көргөндөр да бар экен. Так кесе айтып коеюн, сасык чайырдын курамында 1 грамм да наркотик жок.
Аны жапайы кезинде сатыкка чыгаруу кыйын болчу. Азыр айыл чарба өсүмдүгү болгон соң, сатыкка чыгаруу жеңил болуп калат. Экспортко чыгарууга кандай документтер керек болсо, министрлик тарабынан жардам берилет.
– Кайсы мамлекеттерге экспорттой алабыз?
– Индия менен Кытай өлкөлөрү сасык чайырды фармацевтикада, тамак-ашка көп колдонот экен. Биз ушул өлкөлөргө экспортко чыгара алабыз.
– Кызыккандар болсо уругун каяктан алса болот?
– Бүгүнкү күндө анын уругу министрлигибиздин борбордук аппаратында гана берилүүдө. Кызыккандар болсо бизге кайрылса болот. Алдын ала божомолдор боюнча бир гектар жерге 15-20 килограмм урук кетет.
Ал эми кээ бир ишкерлер Өзбекстандан алып келип, 1 килосун 200 АКШ долларына баалап сатып жатышат. Дыйкандар бизге кайрылса, урукту арзан гана албастан, адистер да кеңешин беришет.
Султанбек Аманбек уулу, “Кыргыз Туусу”