Башкы беткеЖогорку КеңешӨкмөт башчысын жана мүчөлөрүн иш тажрыйбасына карабай дайындоо туурабы?

Өкмөт башчысын жана мүчөлөрүн иш тажрыйбасына карабай дайындоо туурабы?

“Министрлер Кабинети жөнүндө” конституциялык мыйзамга өзгөртүүлөрдү киргизүү сунушталды. Бул мыйзам долбоорун депутаттар Марлен Маматалиев, Бактыбек Сыдыков, Улугбек Ормонов, Акылбек Түмөнбаев, Кундузбек Сулайманов, Динара Ашимова жана Бекмурза Эргешов демилгелеп чыгышты.

Анда айтылгандай Министрлер Кабинетинин төрагасын жана мүчөлөрүн Жогорку Кеңештин макулдугу менен президент дайындайт. Азыркы мыйзам боюнча алардын жетекчилик кызматта тажрыйбасы болууга тийиш. Ал эми сунушталган мыйзам долбоорунун авторлору – бул жогорку мамлекеттик жетекчилик кызматка бара тургандардын уюштургучтугуна, жетекчилик сапатына дагы басым жасоо керек деп эсептешет.

“Мамлекеттик жана муниципалдык кызматта, же башка жактагы мыкты жетекчилик сапаты бар инсандарды аткаруу бийлигине жумушка тартууга мүмкүнчүлүк түзүлөт”, – деп айтылат долбоордо.

Белгилей кетсек, аракеттеги мыйзам боюнча өкмөт мүчөлөрү мамлекеттик жана муниципалдык кызматта 10 жылдык тажрыйбасы бар, анын ичинде 5 жылы жетекчилик кызматта иштеген болууга тийиш.

Биз бул боюнча «мыйзамга өзгөртүүлөр кирсе, чыныгы менеджер жетекчилер келеби?» – деген суроо менен айрым жарандарга кайрылдык.

Менеджер жетекчилер келет

Президентке караштуу Антикоррупциялык ишкердик кеңешинин мүчөсү Ялкун Даутов бул мыйзам кабыл алынса, чет өлкөдө тажрыйба топтогондорду кызматка тартууга мүмкүнчүлүк түзүлөөрүн айтты.

“Менин оюмча Жогорку Кеңештин депутаттары туура эле мыйзам сунуштап жатышат. Себеби, Министрлер Кабинети жана министрлер негизи – администратор, менеджер болуусу керек. Мамлекеттик муниципалдык кызматта иштебесе дагы, чет мамлекеттерде тажрыйба алып келсе, башка системада иштесе, бирок, ошол тармакта жөндөмү бар, ал тармакты кризистен чыгара алам деген жетекчилер бүгүнкү күндө бизге абдан керек болуп турат. Көпчүлүк адамдар чет мамлекетте билим алып, иштеп тажрыйба топтошот. Алар өлкөдө мамлекеттик кызматта эмес, жеке бизнесте иштешет. Мисалы, IT тармагын алсак, өтө күчтүү кадрлар бар, бирок, аларды жетекчилик кызматка коеюн десе мыйзамда “мамлекеттик же муниципалдык кызматта тажрыйбасы бар болушу керек” деп жазылып калган.

Бардык тепкичтен өткөнү оң

Жогорку Кеңештин экс-депутаты Абдимуталип Кочкорбаев жетекчилик кызматка барам дегендер бардык тепкичти басып өтүшү керек деген пикирде.

“Жетекчилик кызматка бара турган адам бардык тепкичтерди басып өтүшү керек. Мындай дегеним кичинекей кызматтан өйдө көтөрүлгөн сайын тажрыйба чогултат. Өлкөнүн эң маанилүү кызмат ордуна бара турган адам бышып жетилиши керек. Мен азыркы сунушталып жаткан мыйзам долбоорун колдобойм”, – деди ал.

Тажрыйбасыз адамды алып келүү – кылмыш

Экономика илимдеринин доктору Батыркул Баетов мамлекеттеги бардык нерсе жетекчилердин кыймыл аракетине байланыштуу деген оюн билдирди.

“Жетекчилик кызматтарга тажрыйбасы жок адамдарды алып келүү бул – кылмыш. Анткени, жарандардын жашоосуна түздөн-түз пайдасы же зыяны тиет. Ал жерге келген кишинин эң биринчи билим көрөңгөсү болушу керек. Адистик билими терең болуп, өмүр бою өзүн-өзү өстүрүшү керек. Экинчиси, тажрыйба. Бул жылдар бою келе турган нерсе. Башкысы кесиптик билими бар, тажрыйбасы жогору инсандар тагдыр чече турган кызматтарга барышы керек.

Окумуштуулардын айтымында, адамдын эң про-дуктивдүү курагы биринчиси, 60-70 жаш, экинчиси, 70-80, үчүнчүсү, 50-60 жаш экен. Ошондо 50 жашка чейинки кишилер курчтугу бар, билими болушу мүмкүн, бирок тажрыйбасы тайкы, ал али бышып жетиле элек болот. Андыктан, тажрыйбасы жок эле чоң кызматка ала коебуз дегени туура эмес. Алса, тажрыйбалуу кишинин кол алдына билими, аналитикалык ой жүгүртүүсү күчтүү кишини жумушка алыш керек. Ал тажрыйбалуу инсандан көп нерсени үйрөнөт.

Ансыз деле биздеги мамлекеттик кызматты оор абалга алып келген биринчи себеп, 2004-жылы кабыл алынган “Мамлекеттик жана муниципалдык кызмат жөнүндө” мыйзамда “төмөнкү административдик кызмат орундары үчүн тажрыйбасы жок жарандарды алса болот” деген норманын кирип калышы өтө зыян келтирген. Анткени, кечээги студенттерди кызматка алууга жол ачылып калган. Алардын ичинен министрдин орун басарына чейин 5-6 жылда көтөрүлүп кеткендерди билем. Андайлар тармакты талкалашат”, – деди.

Султанбек Аманбек уулу, «Кыргыз Туусу»

Гезит

Эффект Ормузского пролива

Конфликт вокруг Ирана потрясает мировую экономику                   Ближний Восток играет ключевую роль в глобальной энергетической системе и международной...

Рубрикалар

ПИКИР КАЛТЫРЫҢЫЗ

Сураныч, пикир жазыңыз!
Сураныч, бул жерге атыңызды киргизиңиз

Байланыштуу жаңылыктар