Башкы беткеМаанилүүКыргызстан менен Грузиянын кызматташтыгын бекемдөө маселелери талкууланды

Кыргызстан менен Грузиянын кызматташтыгын бекемдөө маселелери талкууланды

Тышкы иштер министринин орун басары Медер Абакиров менен Грузиянын Кыргызстандагы элчиси Николоз Лалиашвилинин жолугушуусу болуп өттү.

ТИМден билдиришкендей, жолугушуунун жүрүшүндө саясий өз ара аракеттенүү маселелери, анын ичинде Кыргыз Республикасы менен Грузиянын ортосундагы соода-экономикалык жана маданий-гуманитардык кызматташтыкты бекемдөө маселелери талкууланды.

Экономикалык чөйрөдөгү кызматташтыкты кеңейтүүгө өзгөчө көңүл бурулду. Бул контекстте тараптар Кыргызстан менен Грузиянын ортосундагы Соода-экономикалык кызматташтык боюнча өкмөттөр аралык комиссиянын кезектеги жыйынын, ошондой эле эки өлкөнүн бизнес өкүлдөрүнүн катышуусунда бизнес-форумдарды өткөрүүнүн маанилүүлүгүн белгилешти.

Мындан тышкары, тараптар эл аралык жана аймактык күн тартибиндеги маселелерди, ошондой эле эки өлкөнүн эл аралык уюмдардын алкагындагы өз ара аракеттенүүсүн талкуулашты.

Гезит

Не «проели», а вложили

          За каждой из этих историй стоят годы тяжелого труда вдали от дома и высокая цена разлуки. Традиция требовала от...

Рубрикалар

ПИКИР КАЛТЫРЫҢЫЗ

Сураныч, пикир жазыңыз!
Сураныч, бул жерге атыңызды киргизиңиз

Байланыштуу жаңылыктар