Бүгүн Баткен шаарында бийиктиги 35 метрди түзгөн Кыргыз Республикасынын мамлекеттик туусу салтанаттуу түрдө көтөрүлдү. Бул тууралуу президенттин Баткен облусундагы өкүлчүлүгүнөн билдиришти.
Салтанаттуу аземге президенттин облустагы ыйгарым укуктуу өкүлү Айбек Шаменов, Баткен шаарынын мэри Сейтек Кулубаев, жергиликтүү жетекчилер жана шаар тургундары катышты.
Иш-чарада сөз сүйлөгөн облус башчысы мамлекеттик тууну көтөрүү аземи эгемендүүлүктүн, биримдиктин жана келечекке болгон ишенимдин символу экенин белгиледи.
— «Кыргызстандын мамлекеттик туусунун көтөрүлүшү – бул өлкөбүздүн эгемендүүлүгүнүн жана бекем келечекке болгон ишенимибиздин белгиси. Ал ар бир кыргызстандыкты Мекенди сүйүүгө, жоопкерчиликке жана ынтымакка үндөйт», — деди Айбек Шаменов.
Белгилей кетсек, 35 метрлик желек сап жана ага тиешелүү инфраструктура Баткен шаарындагы «Жаштык» жана «Жеңиш» эс алуу парктарын реконструкциялоо долбоорунун алкагында курулган. Долбоор АРИС уюму тарабынан ишке ашырылып, ал «Баткен облусун регионалдык экономикалык өнүктүрүү» программасынын негизинде каржыланган.


