Башкы беткеМаанилүү“Уңгуҗол” – бул абстракттуу түшүнүк эмес, улуттук өнүгүү доктринасы

“Уңгуҗол” – бул абстракттуу түшүнүк эмес, улуттук өнүгүү доктринасы

Мамлекеттик катчы Арслан Койчиев жогорку окуу жайлардын Ж.Баласагын атындагы КУУдаөткөн форумунда Кыргызстандын улуттук идеясы “Уңгуҗол” – бул абстракттуу түшүнүк эмес. Бул биринчи иретте жарандарыбызды, коомдук уюмдарды жана мамлекеттик институттардын күчүн идеологиялык бир багытка буруу, системалаштырууэкенин белгиледи.

Мамкатчы 2024-жылы Кыргыз Республикасынын Президентинин “Улуттук дем – дүйнөлүк бийиктик” уңгужолу жөнүндө Жарлыгынын же документтин аталышы концепция, стратегия эмес, жада калса, программа да эмес, алардан жогору турган документ, эл аралык тил менен айтканда доктрина, ал эми кыргызча котормосу, уңгужол деп аталат. Ушуну баарыбыз эсибизге алып койсок. Болбосо көпчүлүгүбүз, өз иштерибизге, эмгектерибизге аралаштырып коюп жатабыз деген пикирин билдирди.

Бул иште жогорку билим өзгөчө мааниге ээболушу керек эле. Бирок негедир андай кыймылды биз көрбөй жатабыз. Себебин сиздер деле байкап турасыздар, анын эң чоң себеби илимий интеллегенциянын, жогорку окуу жайлардын кош көңүлдүгү, формалдуулугу ж.б.

Университеттер экономика, илим жана маданият үчүн кадр даярдап гана тим болбостон, улуттук баалуулуктарды, жарандык идентификацияны жана улуттук аң-сезимди калыптандыруучу борбор болуп саналат. адистерди даярдоо менен гана чектелбестен, өлкөнүн интеллектуалдык жана маданий элитасын калыптандырышы шарт деп баса белгиледи.

Гезит

Дүйнө коомчулугун дүрбөткөн мунайдын баасы

Акыркы апталарда дүйнөлүк мунай базарында абал кескин өзгөрүп, баалар жогорулап, базар туруксуз абалда. Мунун негизги себеби – Жакынкы Чыгыштагы, айрыкча Иран айланасындагы аскердик жаңжал...

Рубрикалар

ПИКИР КАЛТЫРЫҢЫЗ

Сураныч, пикир жазыңыз!
Сураныч, бул жерге атыңызды киргизиңиз

Байланыштуу жаңылыктар