Бүгүн, «Манас» эл аралык аэропорту тумандын айынан убактылуу каттамдарды кабыл алууну токтоткон. Бул тууралуу «Кыргызстан аэропорттору» ААКтан билдиришти.
Маалыматка ылайык, таңкы сааттарда абанын көрүү аралыгы кескин төмөндөп, коопсуздук максатында болжол менен 15 рейс Тамчы, Ташкент жана Алматы шаарларына багытталган.
Учурда аэропорт аймагында аба ырайы турукташып, көрүү аралыгы нормалдуу абалга келди. Бардык башка жакка конгон учактар Бишкекке кайтып келе баштайт.
Азыркы тапта учактардын учуп-конушу кадимки тартипте жүргүзүлүүдө.


