Өлкөнүн айрым ашууларында чектөөлөр сакталууда

Бүгүн, саат 09:00гө карата Кыргызстандын негизги ашууларында унаа каттамы бар. Бул тууралуу Транспорт жана коммуникациялар министрлиги маалымдады.

Маалыматка ылайык, Бишкек–Ош унаа жолундагы Төө-Ашуу жана Ала-Бел ашууларында оор жүк ташуучу унаалар үчүн мурда киргизилген убактылуу чектөөлөр азырынча алынган жок. Учурда бул аймактарда кар жаап жатат. Жол тейлөө кызматтары тазалоо иштерин жүргүзүп, инерттик материалдарды үзгүлтүксүз чачууда.

Ошондой эле, кечээ саат 18:40тан тарта Бишкек–Нарын–Торугарт унаа жолунун Долон ашуусунда оор жүк ташуучу унааларга коюлган чектөө күчүндө калууда. Бул боюнча кошумча маалымат берилери айтылды.

Мындан тышкары, Казарман–Акталчат жолундагы Кара-Гөө ашуусу аба ырайы турукташканга чейин убактылуу жабык. Айдоочулар үчүн альтернативдүү каттамдар сунушталат.

Транспорт жана коммуникациялар министрлиги айдоочуларды унаа дөңгөлөктөрүн кышкыга алмаштырууга, керектүү шаймандарды ала жүрүүгө жана жол эрежелерин так сактоого чакырат.

Белгилей кетсек, аба ырайынын кескин өзгөрүшүнө байланыштуу өлкөнүн көпчүлүк аймактарында кар жаап жатат. Жол тейлөө ишканалары тарабынан атайын кезмет уюштурулуп, күнү-түнү кум-туз аралашмасын чачуу иштери жүргүзүлүүдө.

ПИКИР КАЛТЫРЫҢЫЗ

Сураныч, пикир жазыңыз!
Сураныч, бул жерге атыңызды киргизиңиз